КАЖЫБАС КАЛЕМГЕР СУЛТАН

КАЖЫБАС КАЛЕМГЕР СУЛТАН

Алдыңды бир карасаң, аркаңды миң ирет кара деген макалга маани берип, Парманов Султан Аблоевичтин “Көрөңгөлүү Көөнө-Коргон” китебиндеги өмүр жолун окуп отуруп, анын өткөргөн өмүрүнө саресеп салып, Султандын өткөргөн иштерине кызыгып, карып 85 жашка чыксаң да, ал жөнүндө элиме билдирүү максатында ушул макаланы жазууга шаштым.

 

Султан 1956-жылы Көөнө-Коргондо жарык дүйнөгө келип, азыр 63 жашта. Онду бүтүп Кыргызстандагы Кыргыз мамлекеттик университетин 1979-жылы бүтүрүп, жерине келип 1980-жылдан 1987-жылга чейин райондук Тоолуу Бадахшан областтык Жаштар уюмунда иштеп, андагы ишмердүүлүгүн сынап 1982-жылы Артек пионер лагеринде үч ай билимин көтөрүп, 1985-жылы бүткүл дүйнөлүк жаштардын XII-фестивалына катышып, 1987-жылдан райондук партия комитетинде иштеп бир канча жолу бюро мүчөсү, эки ирет райондук депутат болуп шайланат.

 

Өлкө эгемендүүлүгүн алгандан кийин 1998-жылы өз адиси боюнча райондун “Сарыкол” гезитине редактору болуп дайындалат да райондук газетаны чыгарууга бел байлап 1998-жылы чыгара баштайт. Элибиздин мүдөөсүн кандырып, өлкөбүздүн, облусубуздун, райондун жаңылыктарын кабарлайт. Газета райондо, облуста чыгарылбагандыгынан, өзү менен курсташ журналистердин жардамы менен Кыргызстандын Ош шаарда чыгарууга туура ке- лип, газетаны райондо даярдап, Ош шаарына барып газетаны чыгарып келип, өзү элине тарата баштайт. Газета чыгаруу өтө түйшүктүү болсо да ага өзү талыкпай бүт үй-бүлөсү менен киришет. Газетанын материалдык-техникалык базасын чыңдап, заманбап электрондук техникалар менен жабдып, алгачкы жолу компьютерде даярдайт. Султан жогоркудай талыкпаган аракети менен райондун экономикалык-саясий жана маданий турмушун чагыл- дырган жаңылыктарды чыгарып, элибизди кубандырат да район эле эмес, областтык, республикалык басмаларында да дайыма макалалары басылып турат. Ал эле эмес Кыргызстанда да көптөгөн макалалары басылып турган Султандын ишмердүүлүгү тууралуу республиканын “Жумхурият”, “Минбари халк”, “Садои мардум” жана облустун “Бадахшон” газеталарында жылуу пикирлер жазылган. Ал тургай “Азаттык” радиосунда да үч ирет берүүлөрү берилген. “Аалам кыргыздары” журналында көлөмдүү мааниде басылган макаласы чыккан.

 

Султандын редакторлугу алдында райондун калемгерлери Майрамбек Тойчиевдин “Бар бол Сарыкол”, Кулжанама” аттуу китептерини чыгарып, анып Тажикстандын жана Кыргызстандын жазуучулар союзуна киргизилишине себепчи болду. Ал эле эмес жергиликтүү калемгерлер: Маматмуса уулу Абдикарим (Чокоев)дин элден сурап жазган “Өткөн өмүргө кайрылып же элимдин санжырасы” аттуу жерибиздин мазарлары, элибизден чыккан эшандары, олуялары, элибиздин башынан өткөргөн жакшы-жамандыктары, эли-жери үчүн жүрөгү күйгөндөрү, алар үчүн кызмат кылгандар жөнүндө 2008- жылы чыгарган китебине Сүйүндүк Тажидинов менен Жамила Ибраимовалардын “Тоолуу Сарыкол элинин көөнөргүс мурастары” тууларлуу алгы сөз болгон “Мургаб элинин мурастары” китептин автору, тажик-кыргыз сүйлөөсүнүн китебинин автору, “Көөнөрбөс Көөнө-Коргон” аттуу ките- бинин автору, “Сарыкол” газетасынын редактору болуп иштеп “Эл аралык журналистер союзунун мүчөсү, таланттуу журналист” аталганы, элибиздин Султан Сарыкол жеринин-элинин күзгүсү деп атаганы, “Жаштар биздин байлыгыбыз” аттуу Сүйүндүк Тажидиновтун китебинин автору, А. Сапарба- ев менен К.Темиркуловдун “Памир кыргыздары” автору, жерибиздин калемгерлери тарабынан жарык көргөн китептердин автору Султан болгон.

 

Жогоркудай талыкпаган эмегин, өткөргөн өмүрүнү бекер өткөрбөгөнун байкап отуруп, элибиз Султандын “жерибиздин-элибиздин күзгүсү”-деп ба- алаганын чын көңүлүмдөн баа берип “эл айтса калп айтпайт”-деген аталар мурасыбыздын сөзүнө-баасына таң бердим. Жогоркудай эмгектерин баалап районубуздун өкмөт жетекчилери Султандын эмгегин баалап, өкмөтүбүздүн жогорку сыйлыктары болгон орденге сунуш кылышса-деп өз пи- киримди билдирем.

 

Султан Парманов! Жогорку баага татыктуу болуп, калган өмүрүңдүн үзүрүн көрүп, эл кызматында талыкпай эмгектене берериңди максатың дагы чоң-чоң китептердин чыгышына ал тургай Сарыколдун тарыхы 4-5 том китеп жазып чыгышыңа биз тилектешпиз. Үй- бүлөң менен, эли-журтуң, Ата-журтуң, тага-журтуң жана кайын-журтуң ыхбалдуу болушуңду каалап, Эл карысы 85 жаштагы Абдикарим Чокоев.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены