Тарых инсаны: Кыргыздын акыркы ханы катары атагы калган Рахманкул хан фарс, пушту, англис тилдеринде сүйлөгөн.
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Рахманкул хан 1913-жылы саратанда (август айында) азыркы Тажикстандын Памириндеги Мургаб районунун Тамчы-Жар кыштоосунда төрөлгөн. Ал кыргыздын акыркы ханы катары атагы калды. Бул тарыхый инсан тууралуу тарыхчы-этнограф Айымкан Жаманкулова аймактык кабарчыга айтып берди. «Тарыхчы жана жазуучу Баяс Турал экөөбүз Рахманкул хандын англис тилинде жазган каттарын таап, аны которуп, ал жөнүндө жаңы маалыматтар менен китеп чыгардык. Негизи эле Кичи Памирдеги кыргыз жамаатынын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, тагдырына кам көргөн Рахманкул хан жөнүндө айта турган кеп көп. Ооган-совет согушунан башталган куугунтуктан Улуу Памирден Пакистанга, андан ары Түркиянын Ван шаарына чейин жер которуп кеткен кыргыздардын тарыхый окуяларын да айтканга туура келет. Ошондуктан Рахманкул ханга тиешелүү урунттуу гана окуялардан азын-оолак айтып берейин.
1918-жылы февралда орустар Кокон автономиясынын ордуна Кеңеш өкмөтүнүн бийлиги орноду деп жарыяланганда, Рахманкул болгону 5 жашта экен. Ал Орто Азиядагы окуяларды көзү менен көрүп, кулагы менен угуп чоңойгон. Рахманкул 23 жашка келгенде атасы Жапаркул миң башы экөөнө советтик чек арачылар Памирде уу ичиришкен. Алар ага чейин тыңчылар аркылуу Жапаркул миң башынын каерде экенин билип, түн ичи менен аны капысынан басып калышат. Чек арачылар Жапаркулду токмоктоп, "сени эмне кылып өлтүрөлү, атып өлтүрөлүбү же дары ичесиңби?" деп сурашат. Ошол маалда миң башы эмне деп айтарын билбей турганда, баласы Рахманкул "ата, дары ичем" деп айт дейт. Алар ата-баланын ооздоруна толтура уу салышат. Бул учурда айыл эли бир нерсени шекшип, чогулуп келгенде кол салгандар качып кетишет. Ошондон кийин Жапаркулдун 32 тиши күбүлүп түшүп калган экен. Бул окуядан көп өтпөй ал 1942-жылы каза болот. Ошентип 30 жашка чыга элек Рахманкул чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап, атасынын ордун толуктап, элинин оор жүгүн мойнуна алат. Аксакалдар кеңеши аны хан кылып шайлашкан», - деди ал.
Тарыхчынын айтымында, 1948-жылы августта Рахманкул хан советтик чек арачылардын, чекисттердин кысымынан Чыгыш Түркстанга качкан.
«Заман тынчыбай, дагы деле ууру-кески көп болуп тургандыктан, Рахманкул хан 1948-жылы айласыз эли менен экинчи жолу Чыгыш Түркстан тарапка оойт. Ал жерде да кытай коммунисттери Рахманкул ханды колго түшүрүп, кармоого аракет кылышат. Себеби, совет бийлиги “басмачылардын башчысын бизге кайрып бергиле” деген өтүнүч менен Кытай өкмөтүнө расмий кайрылат. Ошентип Рахманкулдун жамааты кайра Памирге көчүп кетүүнү пландай башташат.
1950-жылы августтун аягында Рахманкул хан Ооганстандын президенти Закир Шах менен байланышып, Кичи Памирге кайрадан көчөт.
«Памирге кайрадан көчүүнүн айла-амалын ойлоп жүргөндө, курман айт майрамы кирип келет. Рахманкул хан курман айтка карата мал сойдуруп, тамак-аш бышырып, боз үйдүн ичинде конок күтүүгө камданат. Буга чейин ал чек арада турган кытай аскерлеринин башчысы менен таанышып, аны менен өтө жакын мамиледе болуп калат. Курман айт күнү ал башчыны аскерлери менен чогуу конокко чакырат. Башчы чек арага саналуу гана кароолчуну калтырып, калгандары менен айыл аралап майрамга келет. Рахманкулдун жигиттери чек арада турган кытай аскерлеринин колу-бутун байлап, элди ал жерден аман-эсен өткөрүп, Памирге келишет», - деди тарыхчы.
Рахманкул Памирге келгенден кийин кайрадан кариядар (эл башчы) болуп дайындалат.
Рахманкул хан жөнүндө кызыктуу маалыматтар:
-- Рахманкул хан менен Рахманкул корбашы деген эки бөлөк кишини орустар чаташтырышкан;
-- Памирлик кыргыздар дүйнөнүн басма сөз беттеринде байма-бай жазылган;
-- Рахманкул хан илим-билимге өзгөчө көңүл бурган. Фарс, пушту, англис тилдеринде сүйлөгөн. Улуу жана Кичи Памирдеги балдарды чогултуп, бир боз үйдү мектеп-интернат кылып, алардын сабаттуулугун жоюуга аракет кылган. Айрыкча адеп, география, сүрөт, табият таануу, математика жана тарых сабактарына көп көңүл бөлгөн;
-- Анын 15 миң топозу, 65 миң кой-эчкиси, көптөгөн күлүк аттары жана 30дун тегерегинде төөсү болгон;
-- Ооган өкмөтү ага «Кариядар» жана «Пасибан Памир» деген наамдарды беришкен;
-- Рахманкул хандын учурунда башкаруу системасында 3 бийлик бутагы турган: биринчи хан, экинчи аксакалдар кеңеши, ал эми үчүнчү бийлер институту. Эң чоң маселелер мажилис деп аталган элдик улуу жыйында каралган. Мажилистин чечимин бардык бийлик бутактары жана хан өзү да аткарууга милдеттүү болгон;
-- Рахманкул хандын жейрен тукумуна тиешелүү Жейрен деген күрөң күлүгү болгон. Ал күлүктөн тукум алабыз дегендер көп болгон;
-- Рахманкулдун Сарала деген ити 25 карышкырды тобу менен алган экен.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены