Тоолуу Бадахшандагы кризис

Тоолуу Бадахшандагы кризис

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Хорог шаарындагы башаламандыктын чоо-жайын атайын комиссия иликтөөдө. 20-майда тажик милициясы менен жергиликтүү тургундардын кагылышуусунда 4 адам набыт болуп, ондон ашыгы жараат алган эле. Бул окуядан кийин башталган нааразылык акциясы дагы эле уланууда. Акциянын лидерлери атышууга 2012-жылдан бери создугуп келген кризистин чегине жеткени себеп болгонун белгилешүүдө.

 

 

 

Хорог шаарында 20-майда болгон атышуудан бир милиция кызматкери, эки кылмышка шектелген адам жана бир жай тургун каза болгон. Бир нече адам жарадар болуп, ооруканага жеткирилген.

Укук коргоо органдарынын орой мамилесине, шаардын борборунда болгон “кылмыштуу топту кармоо” операциясына нааразы болуп чыккан жергиликтүү тургундар окуяны дыкат иликтеп, чыныгы күнөөлүүлөрдү жазага тартууну бийликтен талап кылышууда.

Алар ошондой эле облустук тартип коргоо органдарынын жетекчилигин кызматтан алып, администрация имаратына өрт койгондорго куугунтукту токтотууга чакырууда.

Ал эми расмий Дүйшөмбү облустук бийликтин имаратына чабуул койгондорду жоопкерчиликтен бошотуу акылга сыйбаган талап экендигин белгилешти.

Хорогдо болгон куралдуу кагылышуу 2012-жылдан бери Тоолуу Бадахшанда бышып-жетилген кризистин кесепети деген пикирин акциянын уюштуруучусу Алим Шерзамонов айтты.

Тоолуу Бадахшанда эки жыл мурун өкмөттүк аскерлер менен согушкерлердин ортосунда чыккан кагылышуудан ондогон адамдар өлгөн.

Андагы кан төгүүгө Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Коопсуздук кызматынын жетекчиси, генерал бычак жеп мерт болгону түрткү болгон.  

Бул жолу нааразылыкка чыккандар борбордук бийлик 2012-жылдагы окуяларга катышы бар деген “кара тизмеге” 200гө жакын бадахшандыктарды  киргизгенин белгилешет. 
 
- Өкмөт 2012-жылкы окуяларга тиешеси бар адамдарды аныктагандай болгон. Бирок алардын күнөөлөрүн далилдеп, камай албай калган соң, бийлик эми аларды жоготуунун ар кандай жолдорун издей баштады. Ар кандай эсептөөлөр боюнча бийликтин кара тизмесинде 130дан 200гө чейин бадахшандыктар бар. Алардын көбү жаш балдар
– деген Шерзаманов айыпка жыгылган жарандарга кечирим берүүнү талап кылып жатышканын билдирди. 

Ошондой эле Шерзаманов жергиликтүү калк облус жетекчилигине башка аймактардан чыккан адамдардын дайындалышы, улуттук телерадиоканалдарда памир тилиндеги берүүлөрдүн жоктугу бадахшандыктардын кыжырын келтиргенин билдирди.

Тажикстандын башка аймактары, өзгөчө борбордогулар бул Тоолуу Бадахшанга өгөй көз караш менен карашарын Шерзаманов кошумчалады.

Дүйшөмбүлүк аналитик Саймуддин Дустов: 

- Тоолуу Бадахшандын эли Эмомали Рахмонго караганда исмаилиттердин руханий лидери Ага Ханга көбүрөөк ишенишет, - деген пикирде.

Ага Хан кору тоолуу облуска бир нече миллион доллар инвестиция салып, кайрымдуулук акцияларын өткөрүп, бадахшандык жаштарды чет өлкөлөрдөн окутууга көп каражат бөлөт. 

Дустовдун айтымында, Ага Хан менен тажик өкмөтүнүн ортосунда сый мамиле түзүлгөнү менен эки тарап эч качан бири-бирине чын дилден ишенген эмес. 

- Менин баамым боюнча Ага Хан 1991-жылдан бери Тажикстандагы кайрымдуулук долбоорлорго 300 млн. доллардан ашык каражат жумшады, - деп белгилейт Дустов. 

“Дүйнөнүн асманы” деген аталыш менен белгилүү Тоолуу Бадахшан автоном облусу Тажикстандын чыгышында жайгашып, түндүгүнөн Кыргызстан, чыгышынан Кытай, жана Ооганстан менен чектешет. Облус коңшу өлкөнүн жалпы аймагынын 45% ээлесе дагы, Тажикстандын жалпы калкынын 3% гана жашайт.

Тоолуу бадахшандыктар исламдын шиит багытын карманышкан исмаилиттер болуп саналат. Ал эми тажиктер исламдын суннит багытын жактоочулар.

Автоном облуста тажик тили расмий деп эсептелгени менен, жергиликтүү калк шугни, рушан, бартанг жана язгулямц тилдеринде сүйлөшөт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены