Ысырапкорчулуктан канткенде кутулабыз ?

Ысырапкорчулуктан канткенде кутулабыз ?

Тажикстан Республикасынын 2007- жылы чыккан “Салтанаттарды жана ырым жырымдарды тартипке келтирүү, ысырапкорчулукка жол бербөө” боюнча атайын мыйзам чыкканына 10-жылдын жүзү болду.

 

Ошондон бери элдик каада-салттарды жана үрп-адаттарды жөнгө салууда, ар кандай мааракелерде, аш-тойлордо ашыкча чыгымдарды азайтуу, колдо болгондорду үнөмдүү пайдалануу боюнча коомчулукта атайын комиссиялар айыл-айылда, көчө-көчөдө түзүлүп, түшүндүрүү ишин алып барып жатканына карабастан, Сары-Колдо элдин жакшы каада-салттары менен үрп-адаттары жоголуп, көңүлгө туура келбеген башка салттар кошулуп, аш-тойлордо ысырапкорчулук, ашыкча чыгымдар күндөн көбөйүүдө.

 

Азыркы мезгилде ысырапкорчулук-социалдык ооруулардан да коркунучтуураак терс таасирин тийгизүүдө. Социалдык оорууларга убагында бөгөт коюлбаса, ал тез тарап адамдарды ден соолуктарынан ажыратса, ысырапкорчулук адамдарды моралдык-психологиялык жактан бузат, мактанчаактык, намыскөйлүк, менменсинүүчүлүк сыяктуу көрүнүштөрдүн өнүгүүсүнө жол ачат.

 

“Салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө” мыйзамына норма катарында киргизилген. Мисалга алсак: маркумду акыркы сапарга узатууда ашыкча чыгым болбостугу, аш-тойлордо бир кара малдан ашыкча союлуусуна, 200дөн ашык адам чакырылуусуна, аларга мамлекеттик авто унааларын пайдалануусуна тыюу салынып, сый тамак бир түрдүү тамактан гана туруусу жөнүндө ачыктан ачык айтылган.

 

“Аш көп болсо-каада көп” дегендей ири чыгымдарды талап кылган ата-бабаларыбыздын салттарында болбогон жаңы нерселер пайда болууда. Айтсак: жуучулукка баруу маселесинде илгери ата-агаларыбыз 4-5 киши болуп барган болсо, бүгүнкү күнү аялдар кошулуп, кызга алтын сөйкө, шакек сала баштады. Бул кайдан келди? Ким ойлоду? Биз эч нерсени таразалабай атаандаша баштадык. Бул жердеги чыгымдар колунда барларга билинбесе, колунда жоктор эмне кылат? Бир сөз менен айтканда ушундай жат көрүнүштөрдү ойлонуп жолго салбасак келечекте ата-бабаларыбыздын салт-санаалары унутулуп ар кимди туурап, келечек муунга, укумдан-тукумга калтыруучу мурасыбызды түп-нускасынан жоготуп алышыбызды моюнга алышыбыз керек.

 

Албетте каада - салттарды, ырым- жырымдарды таптакыр өткөрбөй коюуга болбойт, бирок эби-ченеми менен.

 

Ар бир эл салт-санаасы, үрп-адаттары, ырым-жырымдары менен гана эл болот эмеспи. Көп эле аша чаап ысырапкорчулукка батыш - бул туура эмес, наадандык болотко. Биз туура жолду көрсөтүүнүн ордуна кайра адаштырып жатпайбызбы?

 

Сөзүмдүн акырында: аш тойлордо, мааракелердеги ашыкча чыгымдарды, дүйнөдөн кайткан адамдарды узатуудагы, караш, жыртыш, бейшембилиги, жетилиги, кыркы, жылдыгы, ак– кийдиси, чай ичирүү сыяктуу чыгашалуу ырым-жырымдарга молдолордун, айыл аксакал, имамдардын айтканын кылып, өзүбүз да ойлонуп эп көрсөк. Бирөө кылган, менде жокпу? – деген сөздөрдөн алыстап анын ордуна колунда жокторго кол узатып, жетим-жесирлерди карап сооп иштерге умтулсак жакшы болмок.

 

Эли-журт, келиңиздер ар бир ишти ойлонуп жараткандын ыраазычылыгы үчүн сооптуу иштерге умтулуп, ысырапкорчулуктан алыстап, бактылуу жашоого чакырам.

 

Мургаб районунун тургуну Атабаев Мухамедсадык

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены