Илгери эл чогулган жерде, эт тартылган учурда “айдар” омуртканы алган адам аны тазалап этин жеп андан оң жагындагы отурган адамга алдырат да, анын түзүлүшүн чечмелеп берүүнү сунуштайт.
Көпчүлүк учурда омуртка жаштарга берилип аны чечмелөө сунушталган.
Мында омурткага кошулуп акчалар б.а. 3,4,5 сомдон ташташкан. Омуртканы туура чечмелеп берген адам ошол акчаларды чогултуп алган.
Эгерде чечмелей албаса, жыгылыштуу болгон, ал эми омуртканы алдырган киши өзү чечмелеп берген.
Сары-Кол (Чыгыш Памир)
Мургаб району
А.Примбердиев
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены