Акын Ө.Бердибаевке ыраазычылык

"Кыргыз жазма жана оозеки адабиятынын түп-тамыры Саймалуу ташка тамга баскан кезден башталган десек ашыкча болбос". Мына ушундай сүйлөм менен башталган пикир жазылган бир сонун китеп колго тийди. "Памир-Алай берметтери" деген жаңы китебин өз колу менен белек кылган Осконбай Бердибаев акеге терең ыраазычылык билдирем. Анын башынан өткөргөндөрү, балалыгы өткөн жерге болгон кусалыгы, мекенине кошкон салымы жөнүндө жазылган пикирди мен да кош колдоп колдойм. Төмөнкү саптардан анын Сарыколго болгон сүйүүсүн байкоого болот:

Отуз бештен өткөнмүн, / Өз жеримден кеткенмин. Сагынып жүрүп Сары-Колду, / Санжыра жазган Өскөнмүн.

Далайын кууп кийиктин, / Дабаанын аштым бийиктин. Сап ырга жазгам калтырып, / Сары-Кол жерим сүйүктүүм.


Өскөнбай мырзанын чыгарган ырлары, ой толгоолору, чыгармалары, эскерүүлөрү боюнча адабиятчылар жакшы бааларын берип келишүүдө. А мен бул китептен кандай тарыхый, санжыралык, этнографиялык, географиялык маалыматтарды үйрөнө алгандыгым жөнүндө айтып берейин.


Бир кезде кыргыздын жери болгон, азыр Тажикстандын аймагында калган Сарыкол Мургаб деген жакшы жерлерибиз бар. Географиялык жактан караганда Чыгыш Памир аймагы. Ата-бабадан калган бул жерди биз жана урпактар унутуп калбаш үчүн аны кокту-колотунан бери таанып, тарыхын жазышыбыз керек. Дал ушул максатта акын, жазуучу Өскөнбай Бердибаев өз китебинде Сарыколдун ичинде жаткан ар бир жер аталыштарын ыр саптарына тизип келет. Мисалы, "Сарыкол" дастаны, Опол тоо, Сарез-Көл, Ыраң-Көл, Ак-Байтал, Куу-Жигит, Муз-Көл, Чечектим, Мургабым, Памир тоо, Кызыл-Арт ашуусу, Жергетал деген ж.б. чыгармаларында көптөгөн жер аталыштарынын кезиккени буга далил.


Бизге Сарыколдо жашап өткөн тарыхый инсандар боюнча маалыматтар да абдан маанилүү. "Сарыкол" дастанында автор мындай саптарды берген:

Чубак, Кошой, Акбалта, / Жакып жана Баабедин. Шерлер, бектер өткөн жер. Рахманкул хан, казы Атабай, / Көптөр туулуп өскөн жер....Көпүрө-Башы, Суу-Башы, / Көкөнбек өткөн миңбашы. Көмүскө калган доордо, / Көп бектер өткөн жүз башы. Жапаркул датка аминдер, / Жаннатта жүрсө "оомийин" дээр. Токурбек датка аминдер, / Бейиштен жүрсө "оомийин" дээр.


Кудайберген бай ажы дегендин Апийда деген сулуу кызы Жапаркул миңбашыга турмушка узатылгандагы тарыхый той жөнүндө да кызыктуу баян айтылган. Апийданын таятасы кадимки атактуу Темир бий болгондугу эскерилет. Тойдо Ак-Эшан деген олуя суу жок жерден батасы менен суу чыгарып койгондугу, ат чабышта Чайсары, Ташкөк, Миңдилде деген күлүктөрдүн даңкталгандыгы сыяктуу аңыздар айтылат. Ал эми Апийда сулуу менен Жапаркул миңбашыдан кадимки Рахманкул хан төрөлгөн. Автор ал жөнүндө да "Кыл чокуда кыргыз ханы", "Рахманкул хан ата" деген ырларын жазган экен. Мындан тышкары, Токтомат мерген, Боронбай саяпкер жөнүндө да кабар алууга болот.


Сарыколдун дастанга айланган сулуулары да ыр аркылуу даңазаланат. "Айдай сулуу Арзыхан, Алтымыш кызга арзыган" деп, Арзыхан сулууга өзүнчө бир ыр, "Буркурап түтөп күйгөн көп, Бурмажанды сүйгөн көп" деп, Ак Бурмага өзүнчө бир ыр жазылып, керемет көркөмдөлгөн. Ошондой эле, "Айтунук", "Тоо сулуусуна", "Алай сулуусуна" деген ырлары да бар.


Памир-Алай берметтеринин арасынан сарыколдук кыргыздардын турмушуна тиешелүү этнографиялык маалыматтарды да табабыз. Өскөнбай Бердибаев сарыколдуктардын боз үйүнүн түзүлүшүн, алардын күнүмдүк турмушта колдонгон диалектилик сөздөрүн да өз китебинде жаза кеткен. Этникалык топтордон кыпчак, найман, ыңырчак уруулары жөнүндө жазган ырлары да бар.


Алайда туулуп, Мургапта (Нургапта) өсүп жетилип, атактуу акынга айланган Өскөнбай мырзанын көп чыгармалары казакчага, өзбекчеге, түркчөгө, англисчеге жана башка тилдерге которулганын көрүп сыймыктандым. Алдыда дагы далай ийгиликтерди багынтасыз деп ишенем.


akyn-berdibaevke-yraazychylyk 2КРнын Улуттук илимдер академиясынын

аспиранты Кыргыйбек Молдожунусов

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены