Мен анда он сегиз жашта элем. Айылдын ары жагындагы дарыя кышта тоңуп муз калыңдайт. Биз ошол муз үстүнө топурак салып, өйүз бетке кой жайчубуз. Атам экөөбүз ошол койлор өтүүчү музга топурак төшөп,келаттык.
-Жүрү балам, өткөндөргө дуа кылып куран окуй кетели.
-Бүгүн күнгө жума, өткөн маркумдар бата тилейт, үмүт кылат - деди атам.
Тикенек зым менен тосулган, эски мүрзөлөр. Дале жаш баладай кыялым чоочуркап, дендароо боло түштүм. Дүмүрөйүп, думүрөйүп катар жаткан көрүстөндөр, адамдарды оп тартып сиңирип, ушундай кичинекей дөңсөөлөргө айланып калгансыйт. Тээ ары жактагы эски мүрзөлөр, жер менен жер болуп түздөлүп калыптыр. Атам экөөбүз муз үстүнө топурак салган капты (чыптаны) астыбызга төшөп отурдук.
Атам куран окуй баштады, Өзгөчө бир коңур үн менен, кыраатка салып айтор узун окуду. Көз алдымда кудум эле Саякбай, күүлөнүп албууттанып, күр шар түшүп Манас айтып жаткандай туюлуп кетти. Атам кээде акырындап, кээде күүлөнүп жатты.
Өткөн өмүрлөр, канчалаган адамдар жатат ушул жерде. Ак сакалдуу карыялар, ак элечек энелер, кол ойноткон комузчу ырчылар, ат минип күлүк чапкан чабандестер, эл коргогон баатыр эр азаматтар, журт атасы акылмандар, айтор баары баары.
Оо өмүр, акыры бир күн сапарың аягына чыгат екен ээ. А биз пенде,өлбөчүдөй болуп жүрүп,бир күн жер алдына жашырылат экенбиз. Күн өз убактысында чыгып, өз убактысында баткан сыяктуу,биз да адам пенде өз убактысында келип, саат күнүбүз бүткөндө кете берет экенбиз. Бул табигаттын өзгөрүлгүс мыйзамы тура, Адамзат неге жерди жэрип жаман көрөбүз боору суук кара жер деп, бирок аныбыз анчейин коошпой калчудай. Топурактан жаралдык демек топуракка айланабыз. Өлум ак, өлүм ак турбайбы. Саат күнүбүз бүтсө кете бермей кайрылып.
Атам колуну жайып бата тиледи, Оомин ушул окулган дуадан, хасыл болгон соопторду, дүйнөдөн өтүп кеткен маркумдарга багыш тадык. Пайгамбарлардын сахабалардын атына багыштадык, Олуя Бузург ,Мазар машайыктарга багыштадык оомин, атам баарын айтып колун жайып бата кылып жатты.
Демек өткөндөрдүн бизде акысы бар экен. Өткөн чактын келер чактан үмүтү бар экен. Биз адам пенде, келечек муунга акыл парасат таберик таштап, жол көрсөтүп, өзүбүздүн адамдык парызыбызды аткарып кетишибиз керек экен. Адамзат күн сыяктуу, эртең менен нур чачып тийип, кечинде кызарып батып. А өмүр көчү ушинтип улана берет тура...
Оомин...
Өтүп кеткен маркумдардын акысына
Өткөндөрдүн акысына,
Өткөндөрдүн акысына.
Дуа кылалы...
Өскөнбай Бердибаев
"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий
коомдук бирикмесинин мүчөсү
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены