Акыркы жылдарда айыл чарбасына карышкырлардын көп чыгым алып келүүлөрү катталууда. Көптөн бери кышкысын эле эмес, жайында дагын топтолгон карышкырлар малга кол салып, бир топ чыгымдарга учурап келебиз.
Мамлекеттин колдоосу менен, Мургаб районунун Кара-Көл айылында мергендерге ок атуучу куралдар бериле баштаганы кубандырбай койбойт.
2020- жылдын 4-январында Кудайбердиев Раимберди жана Кудашов Жунусбек аттуу мергендерибиз "Кара-ширалжин" участкасына малга кол салып көп чыгымга учураткан алты карышкырды атып келишти.
Урматтуу агалар, малчылардын демине дем кошуп ушундай жардам көрсөткөнүңүздөргө өтө кубанычтабыз. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик!
"Кара-Көл" АФХ фермерлер жамаатынын атынан жана жалпы эле элдин атынан ыраазычылык айтабыз.
Ошондой эле биздин мергендерди курал менен камсыздандырган мамлекетибизге ыраазычылык билдиребиз.
Жаңыбаев Акылбек
Мургаб району Кара - Көл айылы
05.01.20.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены