Кара-Көл жамаатында Совет бийлигинин орношу менен биринчи жолу 1932-1934-жылдары Кара-Ширалжинда сабатсыздыкты жоюу (ликбез) иштери жолго коюлуп, боз үйдө окутуу иши уюштурулган.
Анда Эрматов Тажибай деген латын тамгасы менен окуткан. (Ал эми кээ бир маа- лыматтарда: 1928-жылы Кум-Чукур деген жерде ачылып, 6 окуучу окуган. Кийин 1932-жылы Кара-Көлдө Кара-Ширалжинда ачылып, анда 7 окуучу араб алфавити менен окуй баштап, аны Маматов деген адам жетектеп, мугалим Халбеков деген болгон деп белгиленет.
1934-жылы “Правда” колхозунун борбору Жаңы-Жерде мектеп деп ачылып, 20 окуучу окууга тартылып, жетекчиси Калманбетов, Кошмамат, Сайитов Жаныбек, Абдыкадыров Абдилимдер иштеген деп жазылган. Ред.)
1934-36-жылдары Жаңы жердеги Көкөнбек миң башынын тамын мектеп катары пайдаланган. Андан кийин атайын башталгыч мектеп салынып, белгилүү советтик учкуч, Советтер Союзунун Баатыры Валерий Павлович Чкаловдун ысмы коюлган. Аны Эрматов Тажибай деген жетектеп, ал мектепте Жумагүл эжей, Маматали агай, анын аялы Алмахан, фронтовик Сулайман деген агай Кыргызстандан келип, анын аялы жана балдызы (аты-жөнү бизге белгисиз) да мугалим болуп иштешкен. 1949-50-жылдары экинчи жолу мектеп салынып, аны Сагын деген агай башкарган. Андан кийин Кошмаат агай жетектегенде, Жанагулов Курмушу, аялы Асал, Абдилим, Абдилда, Миңбай, Абсамат, Эмин, Атабай, Халил, Орозбай деген мугалимдер эмгектенишкен.
1953-1954-жылдары Кара-Көл аймагынын борбору “Чеп” аталып, азыркы Кара-Көл айылынын борборунда, жаңы мектеп курулуп, жети жылдык билим бере баштаган. Ал мектепти Ак-Суудан келген Маат Айдаров, Досмамбетовдор жетектешкен. Бул мектепте Досмамбетовдун аялы Мария, Куттугалиев Саит, Кааров М. Сатыбалдыев Нияздар иштеп, көпчүлүгү Кыргызстандан келишкен мугалимдер болгон.
1967-1980-жылдары мектеп сегиз жылдык билим берүүчү мектеп болуп келген.
1957-жылы Турдубаев Эрдөөлат,
1963-жылы Абдыкадыров Бакир,
1964-67-жылдары Жакипов Сатыбалды жетектеген.
1967-1970-ж.ж.-Мамасадыков Орозмат,
1970-1971-ж.ж.-Садиров Ниймат,
1971-1972-ж.ж.-Курбанов Койчуман,
1972-1973-ж.ж.-Сапарбаев Айдарали,
1973-1975- ж.ж.- Куттугалиев Саит,
1975-1977-ж.ж. -Кенжеев Обидин,
1977-1980-ж.ж.-Жусупов Шерматтар директор болуп иштеп келген.
1980-1982-ж.ж. мектеп он жылдык билим берүүчү орто мектеп болуп, аны Маматбеков Туратбек,
1982- 1984-ж.ж. - Ибраимов Көчкөн,
1984-1986-ж.ж. -Ташкулов Ыса,
1986-1988-ж.ж. -Мурзамамбетов Арапжан,
1988-1993-ж.ж. -Жумабаев Абдыкаар,
1993-1999-ж.ж. -Турдубаев Имамидин,
1999-2006-ж.ж.- Абдылдаева Ажар,
2006-2008-ж.ж. -Бакиров Нурмамат,
2008-2010-ж.ж. -Сарахонов Жумабай,
2013-2014-ж.ж. -Айбашова Айчолпон,
2014-2016-ж.ж.-Турдуева Умугүлсүн жетектеп келишкен.
2016-жылдан бери Харибеков Т.А. мектепти жетектеп келүүдө.
Союз тарагандан кийин элибиздин чыгааны, көрүнүктүү саясий ишмери, элибизге эмгеги сиңген белгилүү инсаны Ибраим Мамараимовдун ысмын ыйгаруу боюнча сунуштар түшкөн. Бул сунуштар адегенде Мургаб райондук эл депутаттарынын колдоосу жана ошол мезгилдеги эл депутаттарынын Мажилисинин төрагасы Идрис Шаджановдун чечими менен ТБА облусунун эл депутаттарынын Мажлисине сунушталган. Бул сунуштар облустук депутаттар тарабынан кабыл алынып жана жактырылып, ТБАОнун ошол мезгилдеги эл депутаттарынын Мажилисинин төрагасы Алимамад Ниёзмамадовдун атайын №52 15.12.2000-ж. чечими менен бектитилип, Ибраим Мамараимовдун ысмы мектепке ыйгарылган.
Жогоруда көрсөтүлгөн жылдардын аралыгында мектепте көбүнчө башка айылдардан келишкен мугалимдер иштеп келишсе, эгемендүүлүктүн акыркы жылдары Кара көлдөн өсүп чыккан жаш кадрлар эмгектенүүдө. Бүгүнкү күндө мектепте жалпы 21 мугалим эмгектенет, ал эми 162 окуучу билим алат. Интернатта 20 жалпы окуучу жатып билим алып жатат. Ушул күндөрү мектептин 18 бүтүрүүчүлөрү Президенттик квоталар менен жана өз алдынча Душанбе, Хорог, Дангара, Ош, Бишкек шаарларында билим алышууда. Буюрса, жаш адистердин улам келүүсү менен Кара-Көл жамаа- тынын өнүгүүсү дагы алгалайт деген ишенич бар.
Агай
«САРЫКОЛ» пресс.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены