Нооруз майрамын Сары-Кол жергебизде өзгөчө жана жогорку деңгээлде белгилеп келет эмеспи. 2024 жылы март айында Мургаб районунун Кызыл-Рабат жамаатында Нооруз майрамы белгиленди. Эл аралык Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага Мургаб районунун төрайымы Ражабзода Хусния катышып Кызыл-Рабат айыл аймагынын тургундарын улуу улуттук майрамы менен куттуктап өттү.
Соңунда Кызыл-Рабат айыл аймагынын маданият ишмерлери иш-чаранын конокторуна жана катышуучуларына кызыктуу маданий программа тартуулашты.
Абдижамил Примбердиев
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены