20-июль күнү Мургаб районунда Ардагерлердин VIII - слетунун ачылуу аземи болуп өттү. Мааракеге районубуздун суу-суусунан коноктор келишип, адегенде меймандар өздөрүнө арналган нан-туздан даам татып, андан соң күтүп турушкан калдайган калың эл менен учураштылар. Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө ардагерлерден Боронбай ака сөз сүйлөп, андан кийин сөз кезегин райондун төрагасы М. А. Жоошбаев алып куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Салтанаттуу аземдин ачылышынан кийин жалпы меймандар оюн-тамашалардын, улуттук оюндардын күбөлөрү болушту. Андан ары оюндар уланып, меймандар өз ара катуу таймашуулар менен күч сынашып жатышты...
Хамид Парманов
Мургаб району
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены