Сарыкол өрөөнүндө "Ашык " (ордо) оюуну эң кеңири тараган, жаш-кары дебей ойнолгон оюн. Ошентип көптөн бери күткөн "Ашык " оюнунун ачылыш аземи бүгүн 23 январь күнү кычыраган кышка карабай Мургаб районунда салтанаттуу түрдө болуп оюн башталды.
Мелдешке жалпы 12 команда катышып отурат. Мелдештин гл.судьялары Азизбаев Байназар, Таштанов Алишер, Садирбаев Майрамбек.
Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан 1-орунга 3 миң сомони, 2-орунга 2 миң сомони, 3-орунга 1 миң сомони берилет жана көптөгөн баалуу сыйлыктар тапшырылат.
Командалар: 1. Мургаб 1 2. Мургаб 2 3. Мургаб 3 4. Мадиян 5. Аличор 6. Баш-Гүмбөз 7. Көөнө-Коргон 8. Чечекти 9. Ыраң-Көл 10. Токтомуш 11. Шаймак 12. Кара-Көл
|
Ордо: №1. Кара-Көл – Баш-Гүмбөз №2. Мургаб 2 – Ыраң-Көл №3. Мургаб 1 – Шаймак №4. Мадиян – Аличор №5. Мургаб 3 – Чечекти №6. Көөнө-Коргон – Токтомуш |
Абдижамил Примбердиев
23.01.20.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены