Сары-Кол (Чыгыш-Памир) өрөөнүндө жашаган кыргыздар ооз комузду илгертен бери эле музыкалык аспап катары таанып билип колдонуп келишкен. Көбүнчө ооз комузду аялдар кагып эркектер бул аспапты анчейин кармаган эмес. Жергиликтүү усталар бул аспапты дайыма жасап келишкен. Памир тоо арасындагы Мургап Сары-Кол кыргыздарынын аялдары ооз комуз кагып, кубаныч кайгысын сүйүү махабатын, арзуу арманын, сагыныч кусалыгын, табиятка болгон мээрим махабатын дал ушул ооз комуз аркылуу жан-дүйнөсүнөн чыгарып обого обон кылып берип келген.
Тоо арасындагы ооз комуз кагууда жергиликтүү кыргыздардын "Байкуке Солтон", "Байкар Солтон", "Эсенбай", "Дүрдана күү", " Жорго күү", "Кийик күү ", "Улар күү", "Дарди өттү", "Ат кетти", "Эселбай", "Боз жорго", "Сагынды", "Бүргөндү", "Торгой күү", Таңдай какты" жана башка күүлөрүн кагып келишкен.
Тоо арасындагы кыргыздардын арасында ооз комуз жөнүндө көптөгөн уламыштар да айтылып калган. Анын бири "Шырдакбектин боз жорго" ооз комуз күүсү.
Бул күүдө мындай айтылат: Илгери өткөн заманда Шырдакбек деген бир атактуу байдын боз жоргосу катуу ооруп өлөт. Ошондо Шырдакбектин келини кайнатам боз жоргосун аябай жакшы көрчү эле ачык айтсак жүрөгү кармап калбасын деп ооз комуз кагып мынтип угузган экен, - "Шырдакбектин боз жорго, Башында манат боз торбо, Ачкан көзүн жумбаптыр, Сунган бутун жыйбаптыр. Шырдакбек бул күүнү угуп боз жоргонун өлгөнүн туюп көз жашын көлдөтүп отуруп, келинине чын ыкластан ыраазы болгон экен.
Ооз комуз бүгүнкү күнгө чейин Мургаптык кыргыздарда сакталып калганын анын ар-бир үйдө бар экендигинен билебиз. Ар бир кыргыздын үйүндө ооз комуз аздек буюм катары сакталып турат. Демек уңгулуу элдин улуу өнөрлөрү муундан муунга өлбөс өчпөс болуп учугу улана берет деп үмүттөнөбүз !
Акын Өскөнбай Бердибаев
"Поэзия ордосу" көркөм адабий
коомдук брикмесинин мүчөсү
18.06.24
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены