Памир тоолорунун арасында жашаган дастанчы

Памир тоолорунун арасында жашаган дастанчы

Жалпы Сары-Кол (Чыгыш-Памир) өрөөнү боюнча "Гөр уулу" дастанын айткан жападан жалгыз дастанчы инсан. Бул өнөрлүү эженин аты жөнү Жапарова Карга. Учурда Мургаб районунда жашаган бул инсан жетимиш үч жаштын суусун ичүүдө.


Карга эже "Гөр уулу" дастанын оозеки түрүндө дастан катары жаш кезинен бери оозеки айтып келет. Карга эже бул оозеки дастанды атасы Абдыкадыров Жапардан үйрөнгөн экен. Абдыкадыров Жапар комуз чертип элдик оозеки дастандарды айткан, күпүлдөтүп Манас айткан таланттуу бою узун адам болгон экен. Жапар дастанчынын беш уулу, беш кызы болгон.


Учурда дастанчы Карга эженин бир туугандары Алайда, Ошто, Кара-Балтада, Чоң-Алайда жашайт. Өнөрлүү атасынын өнөрүн таберик катары сактап жүргөн Карга эжебизге ден-соолук кажыбас кайрат каалайбыз. Мындан кийин Карга эжедей дастанчы эл ичинен чыгат деп үмүт кылабыз.


Карга эже сизге өтүнүчүм, оозеки дастан айтуу өнөрүңүздү уул кыздарыңызга үйрөтүп урпакка таберик катары калтырып кетүүңүздү суранар элем.


Акын Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия ордосу" көркөм адабий коомдук брикмесинин мүчөсү

18.07.24

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены