Пышарт бул Бекжол-Ата мазарынан башталып, тээ Чат-Токой, Сарез көлүнө чейин созулуп жаткан өрөөн. Күнгөй тескейинде, жылга жыбытында, кайберен жана башка көптөгөн жаныбарлар мекендейт. Кулчак, Куурбай, Саткын жылга, Таш жылга, Күмбөздү кол, Кара жылга, Моло, Апак, Кызыл жылга, Жыттап табар жана башка көптөгөн жылга ичиндеги конуштар.
Мен ушул Пышарт өрөөнүнө , 2018- жылы бардым. Жездемдин мотоциклине учкашып алып , көп жерлерин кыдырдым. Кандай кооз ,кандай соонун жерлер. Мөңгүлүү чокулар, мөлтүр кашка оргуп аккан тунук булактар. Аңкыган шыбак жыты. Ушул жерлерде мындан миңдеген жыл илгээри эле адамдар жашаган экен.
Биз аска түбүндөгү, чоң чоң таштардан, чегилип тартылган сүрөттөрдү таптык. Таш бетиндеги сүрөттөр, жаа тарткан адам, топоз сыяктуу жаныбарды минген элестер, тоо текенин сүрөттөрү. Айтор көп ар кыл оймо чиймелер. Бул таш бетиндеги сүрөттөр адам баласынын өнүгүү эволюциясы,тарыхы, маданиятты басып өткөн жолу жана адамзаттын улуу цивилизациясы.
Демек Сары-Кол өрөөнүндө байыртан адам жашаган, жашап келет жана жашай бермекчи. Өмүр көчү тирүүлүк учугу үзүлбөйт. Пенде тукуму көбөйүп, өөрчүп, өз жолун улай берет.
Таш бетиндеги сүрөттөр тарых, таберик, улуу мурас.
Мына ушинтип, адамзат тоодогу өмүр учугун улай жашай бермекчи.
Оо Пышарт сай таштарың самын сымал
Самаймын , сагынамын тартып кумар
Күнчүлүк жолго узап кетсем дагы
Көкүрөк көөдөнүмө таккам тумар
Тоолордун элесинен таккам тумар
Өскөнбай Бердибаев
Сүрөт Ө.Бердибаевка таандык
Мургаб району
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены