Ырыскылуу Сарыкол жерине ушинтип быйылкы жаз майрамы кирип келди. Жер жашылданып чымчыктар сайрап дегеле кооз жаралган жаратылыш. Элдер ар түрдүү көргөзмөлөргө даярданып оюн зоок маанайлык кечелерге даярданып тимеле биринен бири өткөнсүп жарышып жатты.
Ал эми эн негизги нерсе бул биз ата бабабыз кийген кийимдер жана алардын колдонгон идиш аяктарын жаны муундар унутуп бараткансыйт. Биздин максат ошолорго көргөзүп, биздин илгерки каада салтты эске салуу. Антпесек жаш муундар баарын унутуп бараткан сынарындай.
Ар бир кыштак жамаатардын борборлорунда майрамдык концерттер өткөрүлүп жатты.
Ушундай эле биздин Көөнө-Коргон айылыбызда да түрдүү эски буюмдар коюлуп, илгерки улуттук кийимдерди кийген жаштар көп жүрдү. Ошондой эле түрдүү оюн зоок байгелер ойнотулуп жатты. Каарыларга жардам акча берилди. Элдин маанайы жакшы болду Ноорузду жакшы тостук.
Ал эми Мургап шаарчасында кыргыз таджик достугун чагылдырган концерт болду. Мургаптын талантуу жаштары түрдүү өнөрлөрүн көргөзүп көргөзмөлөр коюлуп жатты, мында Акимибиз Мырзабай Аблакимович сөз сүйлөдү. Элдин баары жакшы маанайда концерт көрүшүп, үйүнө кубанычтуу кайтып жатты.
Хамид Парманов
Көөнө-Коргон айылы Мургаб району
sary-kol.ru
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены