САРЫ-КОЛ: Мергенчилик өнөрү ага байланышкан салттар, ырым жырымдар

Mergen CHynybaiСары-Кол жергесинде мурунку мезгилде жапайы аңдар көп болгондуктан, айтылуу мергендер да көп чыккан. Алар кара мылтык, капкан, тузак колдонушкан. Ак-Сууда айтылуу мергендерден Орунбай, Ашырбай, кийинчереек Чыныбай деген мергендер өткөн.

 

Ал эми Чыныбай мерген Токтомуш кыштагындагы Ак-Суу дарыясынын өйүз тарабында “Пайван”-деп аталчу жерде өмүрүнүн көп бөлүгүн жашап, кийинчереек 80-ж. чамасында Токтомушка көчүп келип жашап 90-жаш чамасында дүйнөдөн өттү. Өмүрүнүн аягына чейин тың, дени сак жүрдү. Ал киши карылуу, балбан да эле. Ал капкан коюп, илбирс, бөрү, түлкү, жору, кажыр ж.б. жаныбарларды тирүү кармап мамлекетке тапшырып турган.

 

Бул мергендер менен катар Ак-Сууда атагы чыккан далай кийикчи “айдама” иттер да болгон. Мурунку аксакалдардын айтымында Шамамат деген мергендин “ала мойнок” деген аңыздуу ити болгон экен. Ал киши Ак- Суунун “Шинде” деген жеринде жашаган. Шамамат мерген үйүндө эт түгөнгөн мезгилде аялына казан астырып, сыртка чыгып үйдөн алысраак он метрдей жерге таяк сайып, баш кийимин итине бир жыттатып андан кийин баш кийимди таяктын учуна “илип коюп итин бар, бар айдап кел” деп агытып жиберип, өзү мылтыгын октоп үйдүн ичине кирип, эшигин туруп коюп, күтүп жата берген дешет. Бир оокумда ала-мойногу бир топ аркарды ар жак, бер жагынан имеерип таяк сайылган жерге айдап келип, улам үрүп, кийиктерди айлана чуркап турган дейт. Ошондо Шамамат мерген үйдө олтуруп эле керегинче кийиктерди атып алган дешет.

 

Илгери кара мылтык аз болгондуктан, көбүнчө капкан коюп, илбирстерди кармашкан. Капканды темир уста темирден согуп жасаган. Капканды кийик, эчки теке, илбирс, бөрүлөрдүн көп каттаган тоом жолдоруна коюшкан. Жерди оюп, капкандын таманын коюп анын үстүнө капканды жаагын ачып, жыгач тээкти капкандын таманынын бир четине бектитилген жипке илип, капкандын жаагынын үстүнөн артылтып, капкан таманынын так ортосуна кектелген жыгач илмекке илип койгон да капкандын үстүнө көрүнбөс кылып аттын кургак тезегин чачып коюшкан. Кийик капкандын так ортосун басканда тээк жыгач илмектен ажырап, капкандын жаактары кийиктин бутуну кыпчып калган. Капканга чынжыр байланып узундугу бир метрдей ага токмок деп аталган оор нерсени бекиткен, аларды да көрүнбөс кылып көөмп коюшкан. Капкандын таманы зымдан тегерек (капкандын тегерекчеси менен бирдей) кылып ийип аны кийиз менен каптап так ортосуна жыгачтан илме жасап бекитип коюшкан.

 

Капкан, мылтыктан тышкары майда эти желе турган канаттууларга аттын куйругунан “куйрук тузак” зымдан “зым тузак” коюшкан. Мисал: өрдөк, чүрөк, улар, бөдөнө, кептер өңдүү канатууларга ушундай тузактарды коюшкан. Жаз келип келгин куштар келе баштаган мезгилде аңыр, өрдөк, каз, турна деген канаттууларга аңчылык кылышкан. “Себеби алар алыскы ысык тараптардан бир нече күн бою учуп араң жетишет. Бул жакка келеринде, ошол жакта көлгө чумкуп көл түбүнөн, жакут, каухар, седеп ушуга окшогон баалуу таштарды жутушат. Ал таштар ушунда келгенге чейин аларды ачкалыктан сактайт. Ошого жаңы келген канаттуулардын жемсөөсүндө баалуу таш болот” - деп аксакалдар көп кеп салышар эле.

 

Аңчылык боюнча даты бир кеп. Жогоруда айтып өткөн Ашырбай мерген Кош-Агыл чөлкөмүнөн “кара төш папай” - деп аталган кийик атып алган экен. Бул биздеги кулжа өңдүү эле Кавказ тоолорунун кийиги экен. Кандай себептен бул жакта пайда болгон аны эч ким билбейт. Гималайдан Тибетке, Тибеттен Памирге тоо уланып, ошондон келип калганбы деген ой келет. Ал кийиктин мүйүзү кулжанын мүйүзүндөй иймек бирок кичине, төш жагында кара коюу жүнү бар эле дешет көргөндөр.

 

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены