«Кара-Көлдүн көлүндө Тулпар бар экен» деген уламышты Шамшиев Оторбай аканин өз оозунан уккандардын айтуусунда төмөнкүчө:
Жай айынын эң ысыгы. Мээ кайнаткан Сарыкол ысыгы, күн кызыганы аз келгенсип таш да ысыганычы. Узак сапар тартып келе жаткан жолоочу Кара-Көлдүн көл башы деген жерине келип, аябай чарчаган соң бир аз уктап эс алгысы келет. Эмнеси болсо да, көл жээгинде бир аз соккон сыдырым жел, кичине болсо да, уйкуга жакшы эмеспи.
Жолоочу өзүнүн минген байталын жалаңачтап отко койду знын да, тулаң шибердин үстүнө үстөмөнчө бир тийди. Катуу уйкуга баткан жолоочу бир убакта аны кимдир бирөө ойготконсуп чочуп ойгонуп кетти.
Ордунан атып туруп айланасына көз чаптырды, эч ким көрүнбөйт баягы эле табигаттын акырын соккон жели. Көз кыйыгында көл жээгинде аркандалып турган байталын жанында бир боз айгыр турганын көрүп, «Ээ Алай тараптан качып келген бир бечаранын айгыры го» - деп азыгын алып тамактанып баштайт. Тамактанып бүткөн соң, аттанар мезгил келип жолоочунун жолдогусу жакшы дел байталына барат. Барса баягы боз айгыр көрүнбөйт. Айлананын баарын дүрбүлөп карайт, эч жан жок.
Ошентип айлар өткөн соң, бир күнү жолоочунун байталы тууйт. кулуну Кара-Көлдүн көл жеегинде көргөн боз айгырдын өзү. Кулуну чоңойгондон баштап эле жорго, жада калса желедеги кулундар менен оюун салып чуркаганда алардан алдында келет. Муну байкагандын баары ошол кулунга суктаныша беришет.
Жолоочу ары ойлонуп бери ойлонуп отуруп дагы бир кулун алайын деген үмүт менен Кара-Көлгө келип, байталын жалаңачтап коюуп боз айгыр кай тараптан келет экен деп пайлап жатты. Тилекке каршы жанагы боз айгыр көрүнбөйт. Бир убакта жолоочу аарыл келген соң уйкуга кетти. Көзү илинип ширин уйкунун рахатын татып жатканда көл катуу толкуй баштайт шамга жуук болуп калган жолоочу көзүн ачса көлдөн чыккан боз айгыр дароо жетип келип көл жээгинде оюун салып жүргөн кулундун жалынан тиштеп көлгө кирип кеткен экен.
Мына ошол себептен «Кара-Көлдүн» - көлүндө тулпар бар деген бир уламыш эл оозунда айтылып келген. «Кара-Көл» менен Апай районуна караштуу «Сары-Могол» айылынын «Тулпар-Көл» - деген көлүнүн киндиги туташ деп айтып жүрүшөт.
Себеби илгери бир кемпирдин бир уй торпогу «Кара-Көлдүн» көлүндө түшүп өлүгү «Тулпар-Көлдөн» чыккан дешет.
Кара-Көлдүн аталыш уламыштары боюнча жыйнактар
Кээ бир уламыштын негизинде төмөнкүчө баяндалат. Тээ илгерки замандын биринде Кара-Көлдүн жашоочулары көлдүн ордунда же болбосо так ортосунда бир кудук болгон дешет.
Ал кудуктун капкагын жаппай койсо суу ашып кетет да, чоң көлгө айланып калышы мүмкүн дешип ошол кудукту көз карегиндей сактоочу экен. Күндөрдүн биринде шамга жуук бир кыз сууга келет, суу алган соң дагы келемин деген ой менен кудуктун капкагын жаппай кетип калат, Үйгө барган соң аз иштери менен алектенип эстен чыгарып коёт. Эртеси элдин баары тополоң болушуп жүргөнүн көрүп кыз кечээки окуяны эстеп ичтен сызат.
Жалпы журт айласын таппай кудуктун көзүнөн суу булактай кайнап жатканын көрүшөт. Суу эбак эле ашып көл болгонун көрүшөт. Ушинтип улам улам кудуктун оозунан ашып отуруп чоң көлгө айланган. Көлдүн ортосу жери же болбосо көзү капкара болгон соң Кара-Көл деп аталган.
"САРЫКОЛ ЛЕГЕНДАЛАРЫ"
Мургаб-2007
А.Примбердиев
www.sary-kol.ru
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены