Ыйык мекенди коргоо ар бир жарандын милдети...
Демек кандай адам, кандай улут болбойлу Тажикстанда жашап жаткандан кийин аскердик кызмат өтөө, ошондой эле биздин ыйык мекенибиз Сарыколду коргоо ар-бирибиздин милдетибиз. Биздин эр азамат жигиттер талыкбай кызмат өтөп жатышат.
Ушул жылдын 7 апрель күнү Мургаб райондук комиссариаты Хорог шаарына Мургаб районудан кызматка жашы жеткен эр азаматтарды жөнөттү .
Бул баардык жааматтардан болуп 1 бөлүгү жиберилди. Көөно-Коргон айылыдан Тагайбек жана Мансур деген эр азаматтар Тажикстандын Куралдык күчтөрүнүн сабына аттанды.
Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде дегендей эр азамат жигиттерибиз көбөйүп, мекенибиз тынчтыкта, ырыскы ынтымак конуп, Сары кол элим эр азаматтар менен сыймыктанып жашап келет. Бар болгула жигиттер.
Мансур менен Тагайбек |
Хамид Парманов
Көөнө-Коргон айылы Мургаб району
sary-kol.ru
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены