Тартиптүү кыз болсун деп, Тартипхандын атын атасы койгон. Учурда Тартипхан Термечикова Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алат. Ал Тажикстандын Мургабынан келген кыргыз кызы.
«Ысымымды атама болгон сыйым үчүн өзгөрткүм келген эмес. Тажикстандык кыргыздардын арасында деле кездешпейт. Ысымым мүнөзүмө да таасир эткен деп калам. Кайда барсам дагы бирөөдөн (же ата-энем, же бир туугандарымдан) уруксат сурашым керек деген ой тура берет. Бирок, тайпалаштарым "ысымың затыңа дал эмес, мүнөзүң урушчаак, митаамсың" деп калышат», - деди Тартипхан Термечикова.
www.turmush.kg
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены