Жердештер "ЖАҢЫ ДООРДУН УЛАНДАРЫ” тобунун алгачкы гастролу уланууда. Концерттери Раң-Көл, Токтомуш жана Көөнө-Коргон айылдарында болуп өттү. Жигиттерди ар бир барган жамааттарда жергиликтүү эл жогорку денгеелде тосууда. Элдин маанайы көтөрүлүп, концерттеринде аншлак болуп, сый урмат болуп эт тартылып мейманда болууда.
"Бизди тосуп алып жаткан ар бир жердештерибиздин дастаркону ар дайым толо болсун. Ар бир жамаатка жана Сары-кол элибизге терең ыраазычылык билдиребиз” – деп жигиттер элибизге терең ыраазычылыгын билдиришти. Жигиттерге ак жол !
Гастролдун графиги: Ыраң-Көл – 24.02.18. Шаймак – 25.02.18. Токтомуш – 26.02.18. |
Көөнө-Коргон – 27.02.18. Баш-Гүмбөз – 28.02.18. Аличор – 01.03.18. Мургаб – 2-3.03.18. |
P.S
Концерттен терең (толук) маалымат гастрол аяктаганда беребиз.
А.Примбердиев.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены