Көч жөнүндө

Көч жөнүндө

1978-жылдын июль айында Ооган Кыргыздарынын Кичи (Кичик) Памирде турган Тейт эли Ооган. орус согушунан качып, Пакистанга оогон учурда. өз жеринен аирылган элдин кайгы-капа. муң-зарын чагылдырган "Асли ватан» (Эси.л кайран Мекеним) аттуу Малек Рахманин жана «Көч жөнүндө» аттуу Кылыч Табалдынын ырлары Чыгыш Памир (Сары Кол) Кыргыздарынын бир бөлүгүнө таандык.

 

1979-жылы жазылган бул ырларда, элдин башына түшкөн оор кайгы-касиреттери, Оогандан Пакистанга, Пакистандан Туркияга Рахманкул хандын жетекчилиги менен барып, Туркияда жашап калган теиттердин. туулуп өскөн жерди сагынуулары баяндалат.

 

 

Көч жөнүндө


I

 

Ишанба (иусанда) күнү кечеси, Качышка элдер шых болду ай.(1) Анашул гапти укканда
Ичиме дардим жык толду ай.
Анашул дартти айтайин,
Уруксат болсо Хан Ажим,(2)
Анашул гапти айтайин.
Уруксат болсо хан ажым,
Кайсы го белден ашабыз?
Жакшылар кетти Ак-Сууга,(3)
Гайип баарини
Лазим го кылып айтайин.
Кең-Ак-Суу деген жер калды,
Кош кошко мазар тең калды. Арзылапсалган там калды (4)
Каламла шарип дем калды. (5)
Түндүгү түшпөй үй калды.
Кең Мунара жеринде
Назар го тийген көл калды.
Сыйынып шондо турушка
Кайран го Кавыл чөл калды (6)
Балчыбек болду пашавыз, (7)
Уруксат болсо хан ажим,
Кайсы го белден ашавыз?
Динибизди биз алып
Пакистан мүлккө качавыз. (8)
Шу жерге келдик баш уруп.
Жокчулуктун дартинан
Азоо го малга баш уруп (9)
Кыргыздан катын алам деп.
Худаага. хатаа сүйлөгөн.
Жаңы го бекти байлады.
Алдыгы салып айдады.
Калкым го эсен кетсин дел.
Үзүрет берген хан ажым. (10)
Өзүнөн жарак чыгарып,
Белдерге нафар шайлады. (11) Душманды салды дамигэ (12)
Худадан тилеп туралык,
Үсүрөт берсин ажыга.
Элиге сизче күйгөн жок,
Адам го заттын баласы,
Сизчелик довран сүргөн жок. (13) Душмандардын алдында
Тэнээ го мен деп бөлүнгөн.
Он эки имам кырк чилтен (14)
Каалаган күнү көрүнгөн.
Кэмбагалдин барында
Кайыр го кылып аларга
Жарим го кыран тэңге жок.(15,16)
Хар болуп калкым кетет деп.
Хайры го берген унуну
Закатин берген Алайда (17)
Наамызың кеткен далайга. Паашалардын алдында
Сыйасат менен гэп кылган.(18,19)
Бул бевафа калк үчүн (20)
Вахшишиң болсо бергин деп (21)
Эки күн көйбөй зам кылган (22)
Алла го таала алдында
Савап го болуп хан ажым (23) Американын кайрагын (24)
Вахшиш ко алып кеогенсиз.
Башында туруп өзүңүз
Барабар бөлүп бергенсиз.
Пашадан ашык урматын
Айланайын хан ажым,
Алладан жансын кызматың.
Оң мүрүңдө музур бар, (25)
Жыловуңда Хызыр бар. (26)
Алла эгем ишиң жолдосун.
Худайга ыйлап туралы
Анашу Хызыр колдосун.
Мурунгу өткөн заманда
Башкача бүткөн Ак-Суунун
Бэрэкэси бар эде.
Авылгэсы жар эде. (27)
Бэрэкэсэ жоголду (28)
Көргөн күндөр шу болду.
Ойлогула жакшылар
Бу көргөн күндөр хуб эмес. (29,30)
Аттана Ак-Суу жүргөн жер.
Авал го баар болгондо (31)
Күнгөй го тескей гүл чайлайт.
Анашу гүлдөн айрылып
Өтө го жайлоо тапкансып
Акка го чыкты кайрылып.
Оту го бир ай болгон жок
Бенаси(п) болуп калыппыз (32)
Өкүмат айдап койгон жок.
Сейил го кылып келерге
Ак-Суунун жолу банд болду. (33) Назэлэрим көп оноп (34)

II

 

Ичимде эле дарт толду.
Дэрт толуп ашкы айтыксыз (35)
Ыраа го келди кайткысыз. (36)
Ата го мүлкүм калды деп,
Гам татып калдык белгисиз. (37)
Карып го болдук дегисиз.
Ширин го Ватан калды деп
Муң тартып калдык белгисиз.
Мусаапыр болдук тегизсиз. (38)
Шу жерге келип кан болдук,
Караңа Ак-Суу зар болдук. (39)
Мурунтан урмат бир кылбай
Худайга жазган жерим бар.
Эрке го өсүп жүргөмүн,
Атага кызмат мен кылбай.
Асыл го заттын мен жүрсөм
Ак жамбы арткан туйөга, (40)
Башыма худай салды эде
Хызматта болдум жуйэгэ. (41) Жокчулуктун дардинан
Асирет тартып болдум зэр. (42) Арымдан өлбей жүрөмүн
Алланын кылган иши экен
Өзүмүн пайка кызматка.
Өз ватанда кылыкты (43)
Арка го жакка таштаңар.
Арз кылайын жакшылар (44)
Беш вакты намаз баштаңар.
Шул габырлык өмүрдө
Өз диниге кирсин деп
Назими го кылдым билсин деп. (45)
Күпүрчу бэндэ жазганбыз, (46) Авлийалар каалабай (47)
Кең Памир жерде азганбыз.
Көп сагындык өз жерди
Сайил го кылып келерге
Өкүмат чекил жөгөрбөйт. (48)
Ажал го жетип өлгүчө
Арманым Памир түгөнбөйт!
Күңгөйгө тескей кумуру
Саратан айлар келгенде
Кызыл го жашыл гүл чайлап,
Кумарың самап көргөндө.
Эттэң-эй Памир жүргөн жер
Унут го болот өлгөндө!
Өз ватандан ажырап,
Боздоп калдык эттэң-э.
Тайлагы өлгөн нар бекен?
Ойлогула жакшылар,
Бизден да карып бар бекен?
Мүсибет түшт барига ай, (49)
Жазылган киемат каламда (50)
Бизидин го ватан калды деп,
Эли журт топур кайива. (51)
Гарып го калктын башыга
Кастагандай иш болду ай,
Түндө гокөргөн түш болду ай.
Камина кэйип ийлава
Жаниңди мынча кийнава.
Отузга жашим кире элек,
Ойлобой пикир көп кылып
Ак кирип кетти башыма.
Нохсан го урдум жашыма (52)
Замана ахыр болгондо
Пашабыз гайыр болду деп,
Өз динини жоготуп,
Баш көтөргөн барига
Орустан мухбир койду деп (53)
Эшитил уктук сөз менен.
Бадахшанда байларды
Кармады койбой баарин дейт.
Жабырга салды жанин дейт.
Калкозго кылды малын дейт,
Көргөндө баари тайин дейт. (54)
Жабырга салды баарини,
Ушуларга сыздайбыз
Кулуга орус алды дейт.
Караан го калган сабилди (55)
Ачкычы диндин Кабылды
Мусулмандын кэнини (56)
Көл болгонун айтамин.
Жаннеттей болгон Кабылдын (57)
Чөл болгонун айтамин.
Бул бетаалай кыргыздын
Ыхвалын худай тайдырган. (58)
Закир Шах деген пашабыз
Мудара кылып кейиган. (59)
Нургаптан вахшиш алдырган. (60)
Закир Шахнын барында (61)
Кабылга коюн айдаткан.
Элине түркүк ажыны
Оң көзүмдөй көрөм деп
Колуга парман карматкан. (62)

III

 

Азиз го мейман ажы деп
Кавайылдын ичинде (63)
Базары килем салдырган.
Чаманга коюн жайдырган. (64)
Закир Шах деген пашанын
Кээси болду баарига.
Көрбөгөн жерде келиппиз
Таракки деген кафирга. (65)
Кылвасын насип тахтыны
Байласин худай бахтыны. (66) Кең-Ак-Суу деген жерибиз
Беватан кылды баарин.
Тэозуду биздин элибиз. (67)
Анашо жерди оңосок,
Коргочуу болуп барабыз.
Ага го тууган баариси
Кайрылып кетти зор белде.
Андаза кылбай билбеди (68)
Саламт көрсөк өз элди.
Ичкаман кеткен коомдун
Кегенден алын сурайбыз.
Биз бу жакта мусапыр,
Жараткан аллах өзүгө
Жалбарып ыйлап турабыз.
Орозо айлар жылышты,
Онобуда жок ишти.
Саратан айлар жылыщты,
Сахавыда жок ички (69,70)
Санавайт эдик шул ишти.
Чиркеп го эжүргөн нар кана?
Голдотуп жүргөн мал кана?
Үстүгө тиккен үй кана?
Чадалаш конгон эл кана? (71) Жаннаттай болгон жер кана?
Санабай жерге туш болдук.
Канаты сынган куш болдук.
Чөлүстан жерге туш болдук (72)
Бөдөнө деген куш болдук.
Мазары азыр Памирдин
Көрбөймүн айып жеринен.
Заман ахыр нышаны (73)
Ынтымак кетти элиден.
Айванга берген имматин.
От-чөбүн алам, бергин деп
Гүмүрөй болот бандаси ай.
Жаратип алган жерим деп
Талаада жүрсө айдаган,
Короого келсе байлаган,
Алам деп мылтык шайлаган.
Захиби эгем берген жок (74)
Жерлүүлөр жүктөп келген жок. Мустакка чыгып карасам
Эсилдин тоосу көрүнөт.
Ону көрүп жакшылар
Элөөрүп жашым төгүлөт.
Ижара берди суу тандай
Алланын кылган иши экен
Ашыкча тарттык бизкандай?
Кең-секи кыштоо, Чаар-Таш,
Мазары улуу Караташ,
Көрбөдүм мындан ондойду ай.
Анашо жерди ойлосом,
Азирет тартат карып баш.
Тарттык ко ватан азирин,
Бизден го өткен хаталык -
Харалдык жердин мазарын.
Ойлоп бир жыйын кылалык,
Ажыдан көрбөй бул ишти эй
Алладан көрүп туралык!
Жаннаттей жерди бир таштап,
Келишке ажы хош эмес. (75)
Ойлдогула жакшылар.
Динислам кафир дос эмес.
Алыстан келген меймандар
Тарылып тартып калат деп,
Тахсилдер койду сырлатып. (76)
Каниет кылсын Зыяны. (77)
Ирасам берип жыргатып (78)
Зия Уль Хакк пашаны.
Жекизсин худай ыгыга.
Шахиншах болсун жалкыга!
Таң койсун душман данкыга.
Зия Уль Хакк пашага
Таң койду каршы душмандар.
Изафат кылды карып деп (79)
Динге бекем эр экен,
Балчибектей кафирга
Кайтарып берсек айып деп,
Пакистан деген мусулман,
Адилеттигин караңар
Танадар келет күнүгө,
Ияиңер пикир гамбы деп.
Алыңар Кыргыз кандай? деп...

 

Таабалды



Түшүндүрмөлөр


 

1.   Шык болду - өтө кысталаң
абалда калуу, аргасыздык, кейиш.
2.   Хан ажы Рахманкул ханды ошол Оогандык (1984-жылдан кийин эми Тууркиядагы) кыргыздар ушундайча лакаб ат менен аташкан.
3.   Поэманын ичиндеги кыргызча жер-суу аттары ошолор ээлеп турган Памиредги топо-гидроним, ойконимдер болуп саналат.
4.   Арзылап - арзуу, тилек. максат.
5.   Куран окуп дем салуу.
6.   Кавыл - Кабул калаасы.
7.   Балчыбек - Большевик.
8.   Мүлкө - бийлик, мүлк.
9.   Хаш кашек, куурай.
10. Үзурөт, үсурөт, - үзүр, кечирим.
11. Нафар - жигит, жоокер.
12. Дамига -а) Бычак мизи б)Дем салуу. 13. Доорон, оомат, доорон сүрүү.
14. Мусулман мифологиясы боюнча кишилерди колдоочу. көзгө көрүнбөс, ыйык, кудуреттүү жандар.
15. Жарым тенге.
16. Пенде, кудайдын кулу.
17. Алым, салык.
18. Саясат.
19. Кеп. сөз.
20. Опосуз, бейбапа.
21. Тартуу, атайын бирөөгө арналган зат, буюм, белек.
22. Жыйнаган. топтогон.
23. Себеп.

24. Бул жерде кайрак эгин, дан тууралуу айтылып жатат.
25. Периште.
26. Кыдыр, Кожо Кыдыр.
27. Олуясы жар эле.
28. Берекеси, Мурунку.
29. Куп, маакул, туура, жакшы.
30. Жуп, бирге чогуу
31. Эрте жаз маал болгондо.
32. Насипсиз.
33. Байлануу, буулуу, тосулуу.
34. Ойлоп, сарсанаа болуу.
35. Ашып-ташып.
36. Ыраа көрбөө.
37. Кайгы-капа, кусалык.
38. Тексиз.
39. Карааныңа.
40. Төөгө.
41. Жөө жүрүп.
42. Касирет, сарсанаа.
43. Ватан - Мекен, Ата-Мекен.
44. Арз арыз, муң. Вакты убакыт,
ушул азыр.
45. Ыргасалуу, бир чпекеден баяндоо. 46. Күнөкөр пенде.
47. Олуялар.
48. Чеки, тим эле.
49. Кайгы капа.
50. Тагдыр, маңдайдагы жазуу.
51. Кейибе, ыйлаба.
52. Кейиш, кемсинүү. арман.
53. Кабарчы, катчы.
54. Дайын.
55. Ээн. элсиз талаа.

56. Кении.
57. Бекйиштей.
58. Бейтаалай, ыкыбал, кудай,
падыша (фонетикалык өзгөчөлүктөр).
59. Боор тартып кейиген.
60. Мургабты азыр деле жергиликтүү карыялар “Нуркабы” деп атап жүрүшкөнү маалым
61. Мухаммед Закир Шах.
62. Буйрук.
63. Ордонун ичи.
64. Шалбаа, жайлоо.
65. Нур Мухаммед Тараки.
66. Тахты такты, бийлик, Бахтыны бактысын.
67. Тозду, чачылды, тарады.
68. Байкоо, аңдоо.
69. Ичкерте калган.
70. Мындан мурунку бир сап жана ушул сап дагы улам чийилип, оңдолуп түшүнүксүзүрөөк жазылып калган. Реми Дор өзү да түшүнбөй, чаташып жатып аран жазып алганы турат.
71. Ирегелеш, аралаш.
72. Чөлстан, чөл мекени.
73. Акыр заман белгиси.
74. Захиби-ээси.
75. Хош эмес-куштар эмес, маакул эмес. 76. Чен, чек белги.
77. Зия Уль Хакк тууралуу айтылып жаткан сыяктанат.
78. Аябай, мол.
79. Ызат, сый, урмат.
80. Жеке, өзү.
81. Гам, кайгы, капа, санаа.



"ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ" 2003

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.