Жашоосунан кыйналып жүдөгөнгө,
Жакын барып, жарты тыйын бере албайбыз.
Өз алдынча өйдөраак жашаганды,
Айыбын таап, аны да көралбайбыз.
Угуп-укпай бирөөнүн кемчилигин,
Ушак айтып артынан каралайбыз.
«И бечара»-деген болуп калп эле,
Бирөөлөрдүн кайгысын табалайбыз.
Болор-болбос сөз өтсө унуталбай,
Туура карап сүйлөшпөй жоолашабыз.
«Мен сен үчүн мындай иш кылгам»-деп
Өткөндөрдү эсептеп доолашабыз.
Коңшу-колоң, дос-жарга салам бербей,
Байлыгына манчыркап калгандар бар.
Агыл-төгүл токчулук болсо дагы,
«Чык татырбас Чынарбай» болгондор бар.
Бийик стол, бийликте олтурганды,
Ага кылып, тага кылып жандангандар көбөйдү.
Жезде кылып, жээн кылып жакындашып,
Эбин таап, бири-бирин алдагандар көбөйдү.
Тааныш-билиш, туугандашып,
Туура сөздү калысты жектегендер көбөйдү.
«Эл үчүн»-деп иштеген киши болуп,
Элдин мүлкүн оң-солго иштеткендер көбөйдү.
Кызмат үчүн акча үчүн,
Кимдин болсо таманын тартынбастан
Жалагандар көбөйдү.
Элге келген жардамды бөлүп жарып,
Талагандар көбөйдү.
Кадамыңды эсептеп капкан койгон,
Кароолдор көбөйдү.
«Бөрк ал десе, баш алам” деп шымаланган,
«Жасоолдор» көбөйдү.
Айта берсе арман көп,
Бул заманда чындыгынан жалган көп.
Чындык издеп таба албай,
Өйдө-төмөн баскан көп.
Заманыбыз ушул деп,
Кайыл болуп калган көп.
Бардыгыны заманга шылтап койбой,
Бардыгыбыз пейилди оңдойлучу.
Коомдогу «жараны» көрүп туруп,
Колду шилтеп кайдыгер болбойлучу.
Ар кимибиз өзүбүзгө оңой жол
Издеп кетпей,
Чогуу болуп,
Урпактардын келечегин ойлойлучу!
Назармамбетова Нават
Мургаб району
«САРЫКОЛ» пресс.