Бузулуп заман таркады Союз,
Муңканып ырдап сайрады комуз,
Тентиди элим таштап (го), жерин,
Балдары укпай атанын кебин..
Самады калкым Сары өзөн Чүйдү,
Сатты (го) элим а, кимге үйдү.
Хайдаркен, Найман, Келечек. кетти
Кеткендер эмне максатка жетти.
Көз жашын төгүп балдары калды,
Чоң-Кемин, Көлгө чалдары барды.
Ар суудан кетип биригип алып,
Качкын деп, баары кредит алды.
Мазарың ыйык Сары-Кол калды,
Сакалын жайкап аксакал калды.
Көк тиреп бийик чокулар калды,
Көп ойноп жүргөн коктулар калды.
Жаман деп ыйык, Сары-Колду чандың,
Санатка калып Чүйгө да бардың.
Бөтөн жер, бөлөк элдерде тентип,
Мусапыр болуп маркумдар калды.
Кеткендер барып тиричилик өтпөй,
Бир тобу келди оокаты кечпей,
Айтарым менин кетпеңер калкым,
Унутпай дайым тууган жер баркын.
Он жылдан бери бекер жеп тамак,
Килолоп унду берди элге санап,
Жардамын берип Ала-Хан калкка,
Шейиттер колдойт Сары-Колду барктап.
Эчки, аркар атып этинен жегин,
Муштаил айткан эстегин кебин.
Кетем деп эми ойлонбо элим,
Унутпай жүргүн туулган жериң.
Санаага чөкпөй Сары-Колдо жүрсөк,
Жадырап, жайнап ойноп биз күлсөк.
Аракет кылып аким да жатат,
Аз күндө бизге бакыт таңы атат.
Бакир Ооганбеков
Шаймак айылы