Биз адамдар...
Биз адамдар…
Тирүүлүктүн баркын билбей кейийбиз.
А, өмүрүң, өтүп кетет оо, өткүндөй.
Башка келген, Бак - Дөөлөттү бек карма,
Жашап өткүн, бул жалганда өкүнбөй.
Пендебиз да, кээде ыксыз басабыз,
Байкабайбыз, баштан өтөт катабыз.
Таш ыргытса, көрө албастар, «шайтандар»…
Тактабастан, таарынтканча шашабыз.
Мезгил гана, бизге болот арачы,
Өмүр кыска, тең салмактап карачы.
Болбосо дейм, бул жашоодо өкүнүү…
Өксүккө салган, жашоонун ак - карасы.
А, адамдар, ыксыз кээде тирешет,
Билинбестен, көңүлдөргө кир кетет.
Жароокер бол, жарыкчылык тең жетет,
Жалган дүйнө… бир келет да, бир кетет.
Кетсе өмүр, кайра артына кайрылбайт,
Кыйкырсаң да, ал басыгын жай кылбайт.
Бакыт деген, колго конгон куш тура,
Кармап калсаң, баштан кетпес - Кут! - тура.
Теңир берген, бул жашоону көп көрбөй,
Жаша пендем, жашоону текке өткөрбөй.
Ар бир күнүң, чоң майрамдай болсунчу,
Жоодурап турсун, жан дүйнөң жазгы көктөмдөй!
Абдижамил Примбердиев