САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Эргешбай Өмүрбеков

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Эргешбай Өмүрбеков

Э. Өмүрбеков 1948-жылы 1-сентябрда Мургаб районундагы Ыраң-Көл кыштагында туулган. Билими жогорку. Кыргызстан Мамлекеттик Университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн.

 

Өзүнүн эмгек жолун 1966-жылы өзү туулуп-өскөн Ыраң-Көл айылында муталимдик кылуу менен баштаган. Бир топ жылдар партиялык кызматта змгек этти.

 

Анын Жумабаев Миталип менен бирге жазган «Памир кайберендери» деген аңгемеси «Кыргызстан маданияты» газетасына, «Памир тоолорун аралап» деген жол очерки «Ленинчил жаш» газетасына жарыяланган. Үй-бүлөлүү, уулу, кызы бар.

 

Адаммын

Адаммын кыялым бар түркүн түркүн,

Жөнөкөй бир адаммын келет күлкүң.

Бирок да, жалын болуп атыламын,

Кичикий кыргыз деген үчүн.

 

Бир көрсөң кеңири боло түшөм,

Бир көрсөң саргарып сооло түшөм.

Бир көргөндө жаз болуп ачыламын.

Бир көргөндө сары күз болуп чачыламын

 

Кээде иштерман, кээде ыкшоо мүнөзүм,

Кээде ойдо, кээде тоодо жүрөмүн.

Тоодой күчтү үмүт менен жетелеп,

Элим үчүн эмгек кылсам дегеним.

 

Кээде ишимден дарек чыкпай тымпыям,

Кээде шандуу мен ичимден кыйкырам.

Кээде такыр натыйжа жок селейип,

Бир ордумдан жылбоочудай отурам.

 

Сулуу келет

Магдыра, жаз жытына мас болуп,

Сулуу келет, көздөрүнө наз толуп.

Самайт азыр жолун тосуп жигиттер,

Сөз айтса деп жаз гүлүнө кол созуп.

 

Анда алар куп жараша түшүшмөк,

Жаштыгына эреркешип күлүшмөк.

Гүлдү аралап, жашыл бакты жамынып,

Көчөлөрдүн көркү болуп жүрүшмөк.

 

Бирок эч ким сөз айтпады сулуута,

Ал анткени ушунчалык сулууда.

Жаз жытына, мас болгонун билбесең,

Бул чүрөккө колду созуу кыйын да.

 

Алыстан каранын карай берди,

Тийишүүнү негедир самай берди.

Бирок да сүрү күчтүү бул сулууну.

Тиктеди ичтен сызып кала берди.

 

Кыз кетти самаганы тарабай.

Көп жигиттин бири сөзгө жарабай.

Жаз күнү мас кыларын сулууну.

Байкабаппыз ой жигиттер пай-пай-ай.

 

Көз ирмем

Сыртта турам, асмандай ай жанып турат,

Кычыр-кычыр, ак кар менен бирөө барат.

Алыста ай нуруна журулушуп,

Аскалар, ак чокулар сулуулана.

 

Арман ай, ушундайда өзүн жоксуң,

Сулуулукту бир туруп көргөн жоксуң.

Табиятын кайталангыс бул сүрөтүн,

Кантейин, ырым менен тарткан болдум.

 

Табияттын не ажайып көркүнө.

Биз мейманбыз келип кеткен дүйнөгө.

Же бир түндө, же ажайып бир күндө,

Ажырайбыз сулуулуктан кол үзө.

 

Сыртта турам, асманда ай жылып турат,

Жылдыздардан сулуулук тамып турат.

Көктөгү сулуулукка суктанышып,

Теребел дем чыгарбай тымып турат.

Арман ай ушундайда өзүн жоксуң,

Сулуулукту бир туруп көргөн жоксуң.

 

Чынында

Неге сени сүйөм, ардактайм,

Жүрөктөгү сырларымды сага арнайм.

Келбесең, күткөнүмө өкүнбөстөн

Үмүт менен телмирип жолуң карайм.

 

Тынч алалбайм сен кечигип келбесең

Неге мен бүт дилимди сага бергем.

Бөлөктөр сүйүү төгүп турабы деп,

Кызганыч уусу агып бүт денемден

 

Чынында бир эмеспиз, бөлөкбүз,

Анан неге бир кишидей жөлөкпүз.

Бир барактын эки бети мисалга.

Муну кантип ажыратып бөлмөкпүз.

 

Мен оюмда шондой көрөм өзүңдү,

Ушунчалык азгырыпсың көңүлдү.

Ажыратар жалгыз гана өлүмдүр,

Бөлөк казып топурактан көрүмдү.

 

Жашоо шаңы, жүрөк согуп турганда,

Жашайсың сен менин түпкү оюмда.

Кумга сиңген тунук булак суусундай

Сиңиптирсиң менин бүткүл боюма.

 

Чынында эле, бул дүйнөдө, өмүрдө,

Сени сүйүп, сени түйгөн көңүлгө.

Сенсиз өмүр караңгы деп баалаган,

Бир пенденин болгондугу абзел да.

 

Мейли сени аалам эли билбесин,

Дүйнө барктап, колдон колго илбесин.

Ошол аалам бөлүкчөсү бир аял.

Арнап койсо муштумчалык жүрөгүн.

 

Сага арнаса махабатың сыйласа.

Сен дегенде бүт ааламга сыйбаса.

Анда менин бактым ушул дей бергин,

Аялдын да сүйүүнүн да улуулугу ушунда.

 

Менден

Картайттың бирөөлөргө кыял болуп,

Жашарттың бирөөлөргө жамгыр болу.

Бирөөлөр жетпей жүрүп ыйлап кетти.

Бирөөлөр ысып-күйүп жыргап кеттиң.

 

Бпрөөлөрдү бакытка жетеледиң,

Бирөөлөргө бийик учуп жеткирбедиң.

Бирөөлөрдү билгизбей жыргаткансып

Аягында талаага таштап кеттиң.

 

Бирөөнүн жүрөгүндө калып калдың,

Бирөөнүн жүрөгүнү альш калдың.

Бирөөгө жалынса да карабадың,

Ыйласа сооротконго жарабадың.

 

Бирөөнү азгырдында баштап кеттиң,

Бирөөнү темселетип таштап кеттиң.

Бирөөнү мажнун мисал, ай талаада,

Көкүрөгүн жаралып кандап кеттиң.

САРЫКОЛ

(Көчкөндөргө)

Ак жүзү айдын жаркыны.

Сулуулар чыккан Сарыколдон.

Ата журтун козголтпой,

Ар азамат белсенген,

Уулдар чыккан Сарыколдон.

Ажайып сонун үй тутуп,

Уздар чыккан Сарыколдон.

Үлбүрөп жазгы кызыл гүл,

кыздар чыккан Сарыколдон.

Атыр жел жүрүп жылгадан,

Абасы дары Сарыколдун.

Чаңкаса суусун кандырган,

Суулары дары Сарыколдун.

Жери жоомарт эле деп.

Алайдан көчүп эл келген.

Түбүбүз бирге журтпуз-деп.

Келгиндерге жер берген.

Илгери заман оордо,

Ичтен да качып эл келген.

Ички, тышкы качкынга,

Шондо, да Сарыкол жай берген.

Тоюну тойдой тойлогон.

Оюнуну ойногон.

Турмуштун оош-кыйышын.

Түк тоотуп койбогон.

Алтымыш ашык үй тигип.

Той кылганын унутпа.

Ак жайдын күнү манчыркап.

Ой кылганың унутпа.

Алты дубан кыргызга

Мактаганың унутпа

Ак үйүндү көргөзүп

Таң калганың, унутпа

Астыңда атың, үстүндө үй,

Бар экенин унутпа.

Айтылуу Сарыкол табылгыс,

Жай экенин унутпа.

Бул ааламда не карып.

Башсыз калган эл карып.

Элсиз калган жер карып.

Кусурети урбасын,

Жерди карып кылбаңар.

Бак-таалай издеп табам деп,

Баары жоктон калбаңар.

Арзы кылып бөтөндү,

Өздөн куру калбаңар.

Ментингендер келди деп,

Жаман ат болуп албаңар.

Уюткулуу эл элек,

Журтту уятка салбаңар.

Тентиген тексиз, качкын деп,

Жаман сөз угат балаңар.

Жегениң чыгат мурдуңдан,

Жакшы сөз укпайт куулган.

Жериңден кантнп безесиң.

Киндик кан таамп туулган.

Таалайсыз болот куулган.

Тапканы чыгат мурдунан.

Этеги эки болбойт ко.

Энесин көрүн унуткан.

Асемдүү кыргыз улуу журт,

Абалтан Сарыкол жердеген.

Алышып душман кууса да

Ата Журттан безбеген.

Айкырып душман куубаса.

Айлынды таштап не качтың

Айрылып эли-журтуңдан,

Алыска кетип не таптың.

Ургулап душман куубаса,

Уяңды таштап не качтың?

Уруулуу журтту дүрбөтүп

«Беженис» деген ат таптың.

 

Көңүл калуу

Кетти күндөр, кайрылбай, алыс калды,

Жаштыгым уурдап алып калды.

Бар болгону элестер жанды кыйнап,

Ачып коет кез-кезде жараларды.

 

Кайгырганда не пайда жүрөктү эзип,

Көп нерсени көрдүк ко турмуш кечип.

Билбегенге умтулуп, жообун таптык.

Катасын да, туурасында дайым сезип,

 

Көргөндөрүң алмашылып жаңыларга,

Көөнүң калып дүйнөдөн бара-бара.

Алгачкыдай сүйө албайсың кийин сен,

Жолуксаң да аппакай перизатка.

 

Өткөн күндөр жакшына боло берет,

Келер күнүң билинбей сооло берет,

Баары жокту эңсеген байкуш жүрөк,

Дал ошентип санаага толо берет.

 

Акыркы ыр

(Элегия)

Мезгил жетип акыркы ырды жазар күнгө,

Ооруп жатып тура албай төшөгүндө.

Башталышы жадырап жаздай болуп,

Аягында караңгы да, кайгылуусуң оо дүнүйө.

 

Акыркы ыр, акыркы оюң айтарыңда,

Бул дүйнөдөн түбөлүк кайтарыңда.

Ойлойсуң далайларды эске салып,

Кыйылып өмүрүңө, адамдарга.

 

Бирөөлөр ойлоп кетер байлыгыны,

Бирөөлөр ойлоп кетер айлыгыны.

Сүйгөнүн карагандай кумар менен,

Өтүшөр кылчак карап капчыгыны.

 

Мен болсом акыркы ырым айтып өтөм.

Аял деп суусун канбан чаңкап өтөм.

Кимдерди мен жактырып калган болсом,

Көз алдыма соңку ирет тартып өтөм.

 

Бала дейм баштарынан сылап өтөм,

Жанымда тура тур деп сурап өтөм.

Адамдардан айрылып калганыма,

Арман айтып, кайгырып ыйлап өтөм.

 

Мезгил жетет акыркы ырды жазар

Ооруп жатып туралбай төшөгүндө.

Башталышы жадырап жаздай болуп,

Аягында караңгы да, кайгылуусуң оо дүнүйө...

 

                                  -//-

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.