Паризат Казы тегин 1959-жылы 5-январда Мургаб районунда жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. 7 жашка чейин үйдө тарбияланып, 1966-1967-окуу жылында №1 В.И.Ленин атындагы орто мектепке 1-класска кабыл алынып, 1976-1977-окуу жылында 10-классты ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун ушул мектепте улуу пионер важатый болуп иштөө менен баштаган. Ардактуу эс алууга чейин Чечекти айлындагы №13 К.Жанкулиев атындагы мектепте үзүрлүү эмгектенген. Паризат Казы тегин райондо өткөрүлгөн кароо конкурстарга катышуу менен чыгармачылык сапарын окуучулук мезгилде, андан кийинки кыял чабыттары менен ырларды “Сарыкол” гезитине басылмага берип, мекенге, элине арнаган ырлары, анын акындык жетилүүсүнө таасирин тийгизүү менен, ички дүйнөсүн ачып көрсөтө алган. Турмушка болгон көз карашы, көркөм оюу, көп кырдуу тиричиликтеги үмүтүн учур талабы менен байытууну парыз катары кабыл алат. Уланган сайын небере күтүп, ыр чеберчилигинин артында өзүнү эскере турган бир туугандарына, алпештеп баккан энесине, неберелерине арнагысы келгени көрүнүп турат. Бул бетте ыр илхому келгенде жазган ырларын окурмандарга тааныштырып коюуну туура таптык.
САРЫКОЛ ЭЛИМ ПЕЙЛИҢ КЕНЕН Шаңга толуп, бүт айланам салтанат. Гүлгө оронуп, кооз көрүнөт ар тарап. Суусу даамдуу, топурагы нан жыттуу, Ата Мекен- туулган жерден башталат.
Ак кебездей чубалган булуттардан Мекенимдин тоолору селде чалган. Таажы кийип башына мөңгү муздан, Баатыр өңдүү зоолору даңкайышкан.
Ак кардан ак элечек кийген тоолор, Бүгүн мага карт тарыхтан сүйлөчү. Сыялап кагаз бетин чиймелейин, Талпынып канатымды бир күүлөчү.
Сенде жатат кең Сарыкол сырлары Сенден чыккан макал-лакап ырлары. Сенде бугуп ата-баба муңдары, Сен башаты узак турмуш сапары.
Бир кезде ата-бабам мекендеген, Мазарлуу ыйык делген жериң кенен. Тоо таштын арасында күн кечирген, Сарыкол элиң баатыр, пейлиң кенен.
Туризм жылы-быйыл кучак жайгын, Келгендерди кубанып тосуп алгын. Кең жайып, ак дасторкон берекесин, Кылым жашап, Сарыкол батаа алгын.
ЭНЕМ МЕНЕН БИР БОЛСОМ Күздө түшкөн жалбырактай дирилдеп, Жаштык өтөт сага, мага билгизбей. Кечээ эле так секирген кыз элем, Болдум эне балдарыма билинбей.
Өтөт ай, күн көзгө такыр илинбей, Жылдар өтүп чимирилген ийиктей. Кечээ эле жапжаш келин мен элем, Бүгүн болсо тайенемин билинбей.
Мезгил мээлеп, айлар өтүп, жыл жылып, Жаштык өтүп, балдарыбыз бой жетти. Шүгүр деймин жаратканга курсантмын Бүгүн мына аппак чачтуу чоң эне.
Нуруна, айдын-күндүн чөмүлөлү, Жашоодо салтанаттуу көрүнөлү. Ынтымак, ырашкерлик бекем болуп, Энебиз төп келтирсин төрүбүздү.
Энебизге ширин сөздөр туш-туштан, Чөбүрөдөн булак болуп агылсын. Ачып кулпу, энем сандык чубаса Неберелерине кыз септери чачылсын.
Ой максатым энем менен бир болсом, Көргөн сайын дидарыңа мен тойсом. Ар бириңе эне деген асыл жан, Жашоо супсак энең менен болбосоң. |
КАРЫЛЫК Карылык келсең келчи, мен тосоюн, Ач болсоң алдыңа мен аш коёюн. Сен менен карылыкты коноктоюн, Суу түгөнүп калганча бир болоюн.
Карылык келе колуң, тартынбагын Дүнүйөм бар, кереги жок артынбагын. Эгер сен балбан болсоң кармашарга, Эскертем, сага жетер чактым барын.
Төрүмө өт, сайма төшөк салып койгом, Мамыры чайын дагы демдеп койгом. Шапар тээп, сени менен азда болсо, Үй-бүлөдө сүрсөм дейм шаттуу доорон.
Өмүрлөш жарым сага козу сойгон, Мамыктан аппак төшөк салып койгом. Сен менен карылыктын тоюн берип, Чал-кемпир, биз сүрөлү шаттуу доорон!
Карылык аңдып келет качалбайсың, Карылык тушаганда басалбайсың. Бекем буу белдериңди, моюн сунба, Жаштыкты карылыктан каталбайсың.
Калып кал мени менен коюндашып, Небере-чөбөрөлөр шаттанышсын. Оюн-зоок, сүннөт тойлор өткөрүлүп, Урпагым алга карай аттанышсын.
ӨТӨТ ӨМҮР КЫЛЧАЙБАСТАН АРТЫНА Өмүрүмдү уурдаган саатымдын жебеси. Көр тирликпи, алдаган бул жашоонун эрмеги. Өтөт өмүр кылчайбастан артына, Анык анын кайра кайтып келбеси.
Айың күнгө, жылың айга алмашып, Мезгил өтөт көз ирметпей шашылып. Кара чачың күмүш бубак чалынып, Бел ийилип, карылыкка багынып.
Аттиң өмүр, мына ушундай конокпу, Секелек кыз кемпирлик кез тороду. Ат үстүндө шамал сындуу ойногон, Жаш жигит да ак сакалын толгоду.
"САРЫКОЛ" пресс |
А.Примбердиев