САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Шайдылда Каландаров

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Шайдылда Каландаров

1947-жылы 18-майда Тажик Республикасынын Тоолуу-Бадахшан Автономиялуу областынын Мургаб районунун Раң-Көл кыштак жамаатына караштуу Чечекти айылында колхозчунун үй- бүлөсүндө туулган.

 

1967-жылы билимин жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ош областындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, аны бүткөндөн кийнн Токмок шаарынан Маданий агартуу окуу жайына өтүп андан клубдук мекемелеринин адистиги деген кесип алып, Мургаб районунун Маданият бөлүмүндө 1970-жылдан баштап, 1976-жылга чейин маданий үйүнүн директору, андан кийин бапдар музыкалык мектебинин директору болуп 1987-жылга чейин иштеп келди. 1987-жылдан маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

 

Шайдылда Каландаровдун адабиятка, ыр-жазууга болгон дилгирлиги мектепте окуп жүргөн мезгилинен башталган. Поэзияга жана музыкага болгоп шыгын Сары-Кол жергесинин ажайып кооздугу, дүйнөнүн чокусундагы жылдыздарга аралашып турган бийиктик. Анда жашаган адамдардын жөнөкөй кулк-мүнөзү, нактай таза куунак-көңүлдөрү шыгына-шык, кайратына-кайрат кошуп үзүрлүү-эмгек жолунда Тажик Республикасынын маданиятынын мыктысы Эл чыгармачылыгынын бүткүл союздук фестивалынын лауреаты. Республикада өткөрүлгөн «Бустон» 1-2-3-телефестивалынын лауреаты деген ардак-туу наамдарга татыктуу болгон.

 

Ырлары «Кыргызстан маданияты» «Бадахшони совети». «Мургаб коммунисти» газеталарына жарыяланган. Үй-бүлөлүү, 3 уул. 2 кызы бар. Учурда Кара-Балта шаарында жашап келет.

 

Ыр көчөсү

Ынтызар жаштык көчөсүн,

Бойлоп келем.

Учкул ой санаасында,

Ойлоп келем,

Кылт этип уча качкан,

Уйкаш көрсөм,

Жетүүгө карбаластап

Кулач керем,

Ынтызар жаштык көчөсүндө,

Ырлар төккөн,

Териштирип бирден карап,

Баарын көрөм.

Агы бар, чаласы бар арасында,

Бышыгын алчалардай мөлтүрөгөн.

Берилип сүйүп окуйм,

Жүрөгүмдөн.

 

Ынтызар жаштык көчөсү,

Көөнөрбөгөн,

Ордуна таш жолдордун

Ыр төшөлгөн.

Ал жолдо Алыкулдай

Акын басып,

Ала-Tooro ченеми жок.

Жүк көтөргөн.

Көчөмдү күндү жаңы көрктөндүргөн

Сак болсун Ата-журтум.

Суук көздөн,

 

Жаштык көчөсү ыр көчөсү,

кыргызым СНГнин

Бир мүчөсү,

Дүйнөгө дүңгүрөткөн атагынды,

Тапталган адабият күлүктөрү.

Асман чайыттай

Таза согот кыргыз жүрөгү,

Көрктөн көкөлөй бер,

Шаңга бөлөнсүн, жаштар көбөйүп,

Ынтызар жаштык ыр көчөсү

 

Мургабка куплеттер

Шамалындын сюитасы жаңырат.

Боорсоктой боп-боз болгон адырдан,

Топоз тосуп кулагын магдырайт,

Кол чабышып аркар-кулжа аскандан.

Аарыга окшоп гүлдөрдөн бал чогултам,

Менда сага ага окшоп ыр чогултам,

Башкаларга супсак суук таштасаң,

А, мен үчүн бейштеги гүл баксың,

 

Аздыр көптүр элиме эмгек өтөсөм,

Ал уулуңдун парзы дегин Мургабым.

Көптү бердиң көлдөй кылып чалкытып.

Ал карызымды бере элекмин кайтарып,

 

Раң-Көлүм кымбатсың

Сенде өттү менин бала курагым,

Кумдуу талаа, көлдүн жээги ыраңьң,

Булак кайрып обонумду шылдырап,

Кандыргансыйт качан каткан кумарым.

 

Кара-Турук Шатпуттун түзүндө,

Калды жаштык канат кагып өзүңдө,

Качан болсо көз алдымда турасың,

Раң-Көлүм кубат берип өзүмө.

 

Бала күндөн балдай тузуң таткамын.

Too таштарың коен жатак жаткасың.

Алтын ширеп тузга чайкаи койгонсуң.

Ошондуктан Раң-Көлүм кымбатсың.

 

Алгачкы ирет сага арнап ыр жазгам.

Сезим козгоп сенден кызды жыттагам,

Чырак-таштай шоолаланып турмушка,

Чымырканып кулач уруп баратам.

 

Мөлтүрөгөн көздөй болгон көлүңдө,

Чабак уруп жыргап жүргөм өзүмчө,

Мотурайган боз тоголок бала элем.

Торпок минип Кум-Жылганын төрүндө.

 

Азырга сага чексиз аргып кумарым.

Жүрөгүмдөн ушул ырым ырдадым.

Унутпай жүр боз тоголок уулунду.

Жок дегенде бир ишиңе жарармын.

                       22-октябрь, 1979-жыл.

 

Талдыктагы эстелик

(Ю. Ф. Глушкого)

Туу белде тургузулган бул эстелик.

Тургансыйт жолоочуга кубат берип,

Талдыкты ашкан кезде таазим этип.

Мүрзөңө коюп кетем жылдыз терип.

Мекенге кылган ишиң унутулбайт,

Өзүндү дайым жүрөт эл эскерип.

 

Зымырап «Зил» менен мен келе жатып.

Магдырап чалкып кетем ойго батып,

Арт жакта Ошум калып, Гүлчө калып,

Айланган алты курдай ашуу ашып,

Кубанам эрдигиңе жолчу ага,

Мургабка мен үйүмө жетип алып.

 

Сары-Колум

Зоо-ташыңда аркар-кулжаң жайылган.

Асманыңда бүркүттөрүң, шаңшыган

Кендериңдин даңкы кетип далайга,

Сары-Колум сага кумар артылган.

 

Туу чокуда тулпар минип жарышкан.

Туугандыкты бекем тутка тутушкан

Тажик, кыргыз калкың жашайт, койнуңда,

«Тароя-кел бери» деп турушкан.

 

Койнуң кенен келгендерге кол сунган,

Элиң жоомарт берекеге туш кылган.

Сары-Колум сенде нагыз бир сөз бар,

Ыймандуу элде Ырыс бар деп кыйкырган.

 

Бейкутчулук бекем орноп жериңде.

Уруш-талаш болгон эмес элиңде.

Сары-Колум сенден табат бак-таалай,

Ат-арытып санап келген ар пенде.

Аваң таза,сууң тунук тазасың,

Ошондуктан күндө гүлдөп барасың.

Келечегиң али алдыңда Сары-колум

Туризмге курорт болуп каласың.

Жашың бүгүн 70-ке келсе да

Сары-Колум жап-жаш бойдон баласың.

 

Гожа акани эскерүү

Жүрөктөр туйлайт жалындайт.

Башкага көңүл алынбайт.

Болсого, болор арада

Бирок өзуңдөй адам табылбайт.

 

Карыбы жашбы кыйбаган.

Көңүлүң элдин сыйлаган,

Гожо ака ушундай эр эде,

Салтыны элдин барктаган,

 

Мургабта өттү эчендер,.

Таңдайсыз таасын чечендер,

Өзүңдөй өткүр болгон жок,

Ошончо өткөн нечендер.

 

Элиңе кызмат кыларда,

Жакшыга тике турарда,

Кантели тагдыр буйругу.

Айрылып калдык заматта

 

Кайгыруу анча болбосун.

Арбагың журттун колдосун,

Ардактуу асьл Гожо ака,

Жатканьң жайлуу жай болсун.

 

                             -//-

Мургабдын уздары

Чарк айландым чаба турган күлүктөй,

Сайрап безеп ыр издеймин күкүктөй,

Сага жетип сезимиңди козгосо.

Саймаңды да сөздөр менен кооздосо,

 

Жыргай түшөм далбас уруп күйүкпөй

Ыр берметин териш оңой иш эмес,

Турат менде кайталангыс көп элес.

Сен сулуусуң сайган саймаң да сулуу.

Жаза албасам келиштирип тепе-тең.

Анда ырым өзуңе да, саймаңа да тең келбес.

 

Тордоп токуп тойдо бекер кол жоолук,

Чекесине каалоо тиктиң ден-соолук,

Чарчаганда чаалыкканда жытта деп.

Уздун жытын, атыр жытын куйгансыңар.

Арак ичпей жүрө бер деп мас болуп,

 

Сенде дагы ташкындаган талант бар.

Келиштирип сайган саймаң карачы.

Талантым жок өнөрүм жок дебечи,

Оо! Мургабдын колу чебер уздары,

Терме чадар соккон сулуу кыздары.

 

Сары-Колум асылдарым сага арнаймын

Памирдин аскасындай көккө умтулуп,

Барасың күндөн-күнгө сен кулпуруп,

Жытыңчы Жаргылчактын мамырасы,

Жыттоого жигиттерди кумар кылып,

 

Сөз салсам тескери карап буруласың

Паамылдын тулаңындай кулпурасың,

Бурулба бул жашообуз узак змес,

Жаш өтсө учук жиптей суурулабыз,

 

Ак аркар аркарындай маңкаясың,

Күйгүзбө күйгүзгөндөн не табасың,

Селки жан седеп болуп жүрөктөсүң,

Сен деген убалымды не кыласың,

 

Айтчы сен мынча неге сыр катабыз,

Айталбай сүйүүбүздү кыйнабайбыз,

Майовка куруп жүрсөк Мадиянда,

Өмүргө азда болсо жашарабыз,

 

Ак-байтал ашуусундай бийик белең.

Же жаным коруктагы кийик белең.

Кокустан капкан коюп уурдайбы деп,

Эт жүрөк лак-лак этип чочуп кетем,

 

Көздөрүн Ыс-Булактын булагындай,

Карасам айыгамын даргым калбай,

Үнүңдүн назиктиги кубат берет,

Ышкырган Сары-Колумдун уларындай,

 

Чайкалган Чатыр-Таштын тузу да кен,

Чыныгы чырайлуунун жүзү да сен,

Жаңылып калбаймынбы жаным секет,

Тамшанткан Раң-Көлдүн тузу десем,

 

Туюкка туруп калган Дүңкүлдөктөй,

Өмүрдү байлап калат кнм өткөрбөй,

Арманда калып, калып жүрбөйлүчү.

Жаштыктын үзүрүнү жакшы көрбөй,

 

Чалкыган Кара-Көлдүн көлү десем,

Агада чамалаша каласың сен.

Келбетиң куп келишет угуп турчу,

Окшошуп көлдө сүзгөн чүрек менен,

 

Ырдоого бир өзүңө ыр тандадым,

Көркүнө келиштирип кымбаттарым,

Секетим сезген чыгар жаш жүрөгүң,

Сага арнаймын Сары-Колумдун асылдары.

 

Карыларым

Айланайын карыялар аксакалдар.

Бүгүн журтка бардыгыңар туткасыңар,

Көптү көрүп көптү өткөрүп башыңардан,

Бүгүн бизге эң бир асыл кымбатсыңар,

Айланайын айылымдагы карыялар,

Силер жакшы, акыл сөзгө устасыңар,

Кулунум деп тууган жер бөбөктөрүн.

Асыл кенин уюткан бактысыңар.

 

Сил ер бар биз ушунча бийиктебиз

Силер бар ушунча эсиребиз.

Атындан айланайын аксакалдар,

Сөзүңө бизда курчуп жетилербиз,

 

Силер да курч болдуңар жаш болдуңар

Ашыгыраак бизден да от болдуңар,

Аны айтып жомок кылып азыркыга,

Айланайын карыялар токтолдуңар,

Сыймыктанам силердин баарыңарга.

Жол көрсөтүп жакшы сөз айтканыңа.

Айланайын жергемдин аксакалы.

Туш болсом деп тилемин ак батаңа.

 

Достук

Тажик кыргыз Мургаптагы

Оо илгерки замандагы

Канатташ катар конуп айылдары

Кайраны бир-бирине тийип келип,

Мекендеп калышыптыр Бадахшанды.

 

Муртаб жаңы, заман жаңы,

Жаштар жаңы,

Достукка ширелишкен,

Аткан таңы,

 

Фонтандар

Фонтандар жазда атылат,

Күлкүлөр шандуу жаңырат,

Мончоктоп түшкөн сууларга,

Көңүлүң чексиз тартылат,

 

Сейилдеп селки жигиттер,

Рахат сонун алышат,

Суулардай болгон туп-тунук.

Сүйүүнүн отун жагышат,

 

Фонтандар жазда атылат,

Салкын жел бетке чачылат,

Салкындай түшүп аткантан,

Жакшы ырдын сабы жазылат

 

Фонтанга көңүл бургула,

Фонтандан сейил кургула,

Фонтандай көккө умтулуп,

Фонардай жанып тургула,

 

Бадахшан байлык мекеним

Бадахшан байлык мекеним

Билемин кымбат экенсиң

Дүйнөгө даңкың таралып

Дүркүрөп турган кезегиң.

 

Балалык өттү өзүңдө

Аскалуу тоолор төрүңдө

Памирим сендей кымбат жок

Сакталып калган жүрөктө

 

Күчөсүн күндө талабың

Достуктун ачып капкагын

Калкыңа калка болчудай

Тажик кыргыз балдарын

 

Байлыгың жатат баа жеткис

Кендериң толо эч чексиз

Бадахшан байлык мекеним

Сөз таппайм сага теңдешсиз

 

Он-жылдык тоюң кут болсун

Ордоңдо бейкут күн болсун

Бадахшан байлык мекеним

Жоомарттык журтка туш болсун.


А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.