Сарыкол мекенимди ыйык тутам,
Бөлөк жерде сагынам сендик кусам.
Уя болсоң мен балапан сендеги,
Сенде өсүп канат байлап сенден учам.
Сарыколум кулжаларың басат тоолоп,
Аркар-текең чыйыр салат бийик зоолоп.
Тоо көркүнөн эргүү алган балдарыңдын,
Жүрөгү да тоолоруңдай бийик болот.
Сарыколум жүрсөм жерде башканын,
Сагынамын таңдарыңдын атканын.
Мен билбеймин Кара-Көлдүн көлүнүн
Толкунунда канча сырлар жатканын.
Сарыколум дайраларың агылуу,
Канчалаган ыссык суулар даарылуу.
Сарыколум укмуштугуң көрктөрүң,
Чырак таштын нурларында чагылуу.
Сарыколум ата-бабам жерлеген,
Ыйыктыгың жан бар бекен сезбеген.
Сендей укмуш кайталангыс жеримдин,
Көркүн жазып бүтө албайм сөз менен.
Аблечов Мирлан,
11-класстын окуучусу, Ыраң-Көл айылы
«САРЫКОЛ» пресс.
www.sary-kol.ru