Өскөнбай Бердибаев: "Кайберендин каргышы" (ырлар жыйнагы)

Жүгүм оор

Жүгүм оор түйшүгүм эзип турат,

Сасык тумоо сазайымды берип турат.

Оюп жарып тоо ташты кертип кескем,

Ошондуктан жер энем жээрип турат.

 

Туман баскан ак мөңгүм ыйлап турат,

Денем ооруп жанымды кыйнап турат.

Тээ алыстан көз салат жети атам,

Өз шорумду өзүмө кыйбай турат.

 

Умай энем улутунуп сыздап турат,

Жан дүйнөмө аруу дилим сыйбай турат.

Тээ алыстан караандап ата бабам,

Өз азабым өзүмө кыйбай турат.

 

Умай энем улутунуп сыздап турат,

Туман баскан ак мөңгүм ыйлап турат.


Үмүттөр

Санаа ойум шамалга желдей кетет,

Кээде туруп жашагым келбей кетет.

Көрөөр күнүм кызыгы түгөнгөнсүп,

Бир саамга жалыным түтөп өчөт.


Кайра туруп үмүт отун жандырамын,

Неге өзүмдү сар санаага алдырамын.

Жандуйномдү көмбөйүнчү туңгуйукка,

Жылынайын күн табына жарды жаным.


Кыялдарым кыл учунда шамал ыргайт,

Бар жакшымды баткан күн неге уурдайт.

Бар үмүттөр, мендеги бар үмүттөр.

Тирүүлүктүн кайрыгын улап ырдайт.


Бар үмүттөр мендеги үлүңдөгөн,

Тирүүлүктүн кайрыгын улай ырдайт.


Кыялдануу

Миң кыялда бириге албай ачылам,

Бириндеймин майдаланып жанчылам.

Жерге келип согулганча туптунук,

Мөөнөтүм аз мөлтүрөгөн тамчыдан.


Сан кыялда сапырылып төгүлөм,

Көл толкуса көбүктөнүп бөлүнөм.

Кеч күздөгү жалбырактын өңүндөй,

Сезимимде саргайынкы көрүнөм.


Бир сезимде жашайт бирок бир үмүт,

Жашоодогу түйшүктөргө сүрүлүп.

Көл толкуса артка карай тартылып,

Көл тартылса кайра алдыга түрүлүп.

Кыялымда жашайт үмүт түрүлүп.


Сен эмести чанып турдум

Чырактын билигиндей күйүп турдум,

Чырмалып чачтарыңды сүйүп турдум.

Чыланып махабатын жалынына ,

Чылк ээрий төгүлүүдө уюп турдум.


Дайранын ташкынындай атырылдым,

Ден дароо сени көздөй жапырылдым.

Денемди делөөрүтбөй араң басып,

Сабырым сактай албай сапырылдым.


Сен дедим ,сен деп гана жанып турдум.

Сенсиздик ааламын бүт танып турдум,

Сендейлер сендей боло албаганда .

Сезимде өзгөлөрдү чанып турдум.

Дайрадай сени көздөй агып турдум.


Баягылар

Мен баягы баягымын,

Тону чоң чокойу тоң,

Баягы эле боз аттуу илең-салаң.

Камчы салбас карагер кашаңына,

Жортоор жортпос чуркаган араң-араң.


Мен баягы баягымын,

артынганы болоор болбос.

Колундагы көңүлгө толоор толбос.

Ай ушу сен жөн жүрчү дегенсишкен,

Эстүүсү бар ичинде жоро жолдош.


Мен баягы баягымын,

жугаар жукпас калеми бар.

Зээрикенге чер жазар кереги бар,

Берээри жок болсо да жарытарлык.

Төрт сап ырдан кураган белеги бар.


Мен баягы баягымын,

Зээрикенге чер жазар кереги бар.


Жеңелерге азил тамаша

Мурдуңдун учу кайкы экен жеңе,

Күйөөңдүн теги баркы экен жеңе.

Ак куудай сулуу сымбатың көркөм ,

Бирок акылың бир аз тайкы да жеңе.

Чайкабай туруп колуңду жеңе,

Желимде турган жемишти жебе.

Белсенип айттым бекер сөз эмес ,

Билесиң сырым бейтаалай дебе.

Туз кошбой гөштү кууруба жеңе,

Чачиңди унга жууруба жеңе.

Кыл чайнап калсаң тамакка кошуп,

Кылт этип жуткун сууруба жеңе.

Чөмүчтөп шорпо ууртаба жеңе,

Акылсыз кызды дуураба жеңе.

Какшыктап айттым тамаша кылып,

Кулакты чойуп бураба жеңе.

От жаксаң көө болбогун жеңе,

Бөтөн деп бизди бөлбөгүн жеңе.

Кайын журт келсе кабакты бүркөп ,

Капалуу жандай жүрбөгүн жеңе.

Балыктын эти даамдуу жеңе,

Баркынын эли баамдуу жеңе.

Баканын эти даамдуу жеңе ,

Борконун уулу баамдуу жеңе.

Казанды жерге койбогун жеңе,

Карасын жууш оңойбу жеңе.

Чадардын бетин чаар- ала кылбай,

Түпкүчкө койсоң болбойбу жеңе.

Көмөчтүн бетин майлап жүр жеңе,

Куруңду бекем байлап жүр жеңе.

Токочтун бетин майлап жүр жеңе,

Жоолукту бекем байлап жүр жеңе.

Түлгаңдын түбү карарып калса,

Какшытып отко сайлап жуу жеңе.

Жүзүңдү таза жууп жүр жеңе,

Жүдөбөй дайым күлүп жүр жеңе.

Бетиңди күндө жууп жүр жеңе,

Былтыйбай шайыр күлүп жүр жеңе.

Пиязды жука кесип жүр жеңе,

Пытмыйбай далил тетик жүр жеңе.

Кечирим сурап ийилем жеңе,

Кыйытып айттым көп сөздү жеңе.

Кечирим сурап жалынам жеңе,

Какшыктап айттып көп сөздү жеңе.

Чалпылдап чакыч чайнаба жеңе,

Баш буугуң бекем байлап ал жеңе.

Тийишип айттым көп сөздү жеңе ,

Көбүрүп ашып кайнаба жеңе.

Үй ичин таза жыйыштыр жеңе,

Жөн эле кайниң тийишти жеңе.

Жаманды ойлоп албагын жеңе,

Зээригип кайниң тийишти жеңе.

Бул ырым азил тамаша жеңе,

Жүзүңө күлкү жарашат жеңе.

Бул сөзүм азил тамаша жеңе.

Өзүңө күлкү жарашат жеңе.

Балыктын эти даамдуу жеңе,

Баркылар бир аз баамдуу жеңе.


Кайберендин каргышы

Бал этинин даамын татып алып,

Баатыр болду көпкөндөр атып алып.

Кара гөшүн кайнатып карч- карч чайнап,

Закуска деп жедилер жатып алып.

Кайберенге аң уулап жакын жактан,

Складдарда запас эт кап - кап сактап.

Кешик кылып дүйнөнү кетер жан жок,

Жообун берер күн келет кыяматта.

Мөндүр сымал урпагын тоого чачып,

Кудай таала жараткан ак кулжасын.

Касиеттүү кайберен кыр бетинде ,

Башын катып жүгүрөт октон качып.

Сары милте мылтыктын аткан огу,

Паанек кылат кайберен азка зоону.

Чаңы чыгып чыйыр жол тамчылап кан,

Жарадарлар үзүлгөн буту колу.

Автоматтар, ПК, СВД,

Кийиктерге кызыл от күчтүү курал.

Асман аалам тунжурап үнсүз ыйлайт,

Үркүп учпайт сайрабай зоодо улар.

Ача - Таштар стволду кармайт бекем,

Алас алып оңколойт эчки теке.

Желиниден сүтү агып ак - аркардын,

Жети ужут муунду каргайт качып.

Заставдагы УАЗ дар жылга өрлөйт,

Үркүп качат кайберен өйдө төмөн.

Тарс ,тарс, жыгылды , тийди,

Алты ,жети ана оппа кыйкырат серепчилер.

Кош шыйракты автомат атты тушай,

Кокту көздөй мойунга тийгени учат.

Багажында УАЗ дын бара жатты,

Эки аркар бир кулжа каны чубап.

Кешик кылып дүйнөнү кетер жан жок,

Жообун берчү күндөр бар кыяматта.


Кыш

Кой топозуң Кош - Агылга айда дос.

Кыштын күнү Сары - Колдо кар жааса,

Ширеп тоңот шибер отко топурак.

Карды тойбой музду жыттап таноосу,

Кара бука тишин чалып кычырайт.

Ошондуктан азыгыңды камда дос,

Төрт түлүгүң Кош - Агылга айда дос.

Ай короолойт айгыр минип жолго чык,

Күн короолойт күрөк алып жолго чык.

Кумдуу жердин күнөсүндө кар жатпайт,

Боз от жеген кой топозуң жан сактайт.

Кырк чилдеде кызыл токтуң семирип,

Таскак салып тай торпогуң карматпайт .

Ошондуктан кеч калбагын чамда дос,

Кой топозуң Кош - Агылга айда дос .

Кокту колот тулаң чөбү саргайып,

Кулжа качат кулач мүйүз калдайып.

Илгертеден кучагында калкалап ,

Кош агылым сактап келген мал жанды.

Жылга көздөй журт которуп кеткин дос,

Журтта калбай жылуу жерге жеткин дос.

Таш - Казыктын учу кумдуу чыканак ,

Сары кырдын тулаң чөбү тушалат.

Алыс жактан арып келген ач букаң,

Алты күндө айбарт кылып күч алат.

Калта -Бурак шамал тийбес Чоң - Бурак,

Ак жылгада күздө ийет чоң булак.

Көк улагы оюн салса короодо,

Көк асманга сапырыла гөң учат.

Гожек - Колтук , Паңгазыда кар турбайт,

Чарбачыл жан малды жутка калтырбайт,

Тай торпогуң бышты гунан букадай ,

Жалгыз жарым карышкырга алдырбайт.

Кузгун - Өтөк туругунда теке бар,

Кызыл күңгөй ойдуңунда кулжа бар.

Үркүп качса үйүрүнүн артынан,

Кара - Корум чокусуна бет алар.

Кош - Агылым кой топозго ыңгайлуу,

Илгертеден төрт түлүктүн турагы.

Ай короолойт айгыр минип жолго чык,

Күн короолойт күрөк алып жолго чык.

Алты күндүк азыгыңды камда дос,

Кой топозуң Кош - Агылга айда дос .


Дарыгер

Дени сак тоолуу айылым,

Ооруган жандар айыгып.

Жолобойт илдет ылаңы,

Тоолордон сүрдөйт айбыгып.

Ак халат кийген врачтар,

Ден соолук үчүн күрөшкөн.

Аксакал Саит акалар,

Түндүктүн болгон тирөөчү.

Көтөрүп сыркоо көңүлүн,

Аярлап кармай колуну.

Сары - Колдон чыккан дарыгер,

Уланткан эмгек жолуну.

Күзөттө иштеп күн - түнү,

Тамырдан укол жүргүзүп.

Баш жөлөп келген адамга ,

Дем берген маңдай сүйүнтүп.

Себепкер болуп өмүргө,

Каршылаш туруп өлүмгө.

Көпчүлүк жалпы эл журттун,

Жайгашкан көңүл төрүндө.

Далайга жасап жакшылык,

Жүрөгүн тыңшап жаткызып.

Балдакчан келген оорууну ,

Сакайткан соп соо бастырып.

Кыяны басып сыдырып,

Кырларга барып кыдырып.

Текшерген элдин табыны,

Кан басым ченеп отуруп.

Колуңуз жеңил болсун деп,

Калк берген ыйык батасын.

Кол жайган ыйык батадан,

Жылоолоп кыдыр катарлаш.

Кудайым колдоп ар дайым,

Саамалык болду сапарлаш.

Жергебиз өскөн дүркүрөп,

Теңдешип башка калктарга.

Ден- соолук орду орчундуу,

Дени сак улут өркүндөйт.

Эли журт үчүн арналган,

Эсинде калктын көп күндөр.

Ой максат менен кыр ашып,

Кылымга тете кыйла сөз.

Сарыколдун болгон сыймыгы,

Калдайган аскар тоосу сиз.

Соолубай өмүр гүлүңүз,

Оорубай күүлү жүрүңүз.

Балдардын көрүп убайын,

Бактылуу күндү көрүңүз.

Кыздардын көрүп убайын,

Бактылуу күндү көрүңүз.

Баарынын көрүп убайын,

Бактылуу өмүр сүрүңүз.


Көк мото

Көк мотоцикл минген көйрөң жигит,

Көчөдөн өтсө ээрчий үрөт жык ит.

Бапылдап сүйлөйт кол шилтей ,

Баатыр болуп мелдеште балбандарды койгонсуйт жыгып.

Бул көк мотоцикл көзгө көрүнгөн уулдун сыймыгы,

Колхоздо көп жыл эмгек кылгандыгы үчүн

Кемпир чалга берген өкүмөттүн сыйлыгы.

Байкуш кемпир чал баштарынан өткөрдү көптү ,

Аксакал атасы кой артында өмүрү өттү.

Жайлоо ,кыштоо , күздөө мал артында,

Коктума - кокту кой айдап нечен жолу көчтү.

Көк мотоциклди айдайт кайкытып жигит,

Көчөнүн чаңын ызгытат.

Кыялы көпөлөктөй учкан көп кыздар,

Көйрөңдү көчөдө көрүүгө кызыкдар.

Бул көк мотоцикл кемпир чалдын эмгеги,

Мал артында жүрүп ыссык суукта.

Кайран жандар эмнелерди гана көрбөдү

Жыргалбек

Кум коктуда жалгыз үйлүү Жыргалбек,

Жүрөсүңбү ойноп күлүп эсен соо.

Казындыга барасыңбы кой жайып,

Кийик барбы далдасында кызыл зоо.

 

Келдиш ака дале чылым чегеби,

Сени ээрчий суу боюна келеби.

Жолдон өткөн жолоочуну утурлай,

Куу күчүгүң улуп түндө үрөбү.

 

Дүрбү салсаң Муз-Так ата көрүнүп,

Көлмө жакка барасыңбы зээригип.

Кум учурган шамал мени эстейби,

Кээ күнү жай ,кээде катуу оолугуп.

 

Кум коктуда жакшы иним Жыргалбек ,

Атаң ,апаң ,уй бүлөң, баары аман жүрөбү.

 

Адамзат

Алсызбыз тоскоолдукка чынжырланган,

Арсызбыз чындык сөзгө кыжырланган.

Жеңилбиз канаат сабыр туткасы жок,

Жээлигип ушак сөзгө тынчсызданган.

 

Ак булут арасына кирип жатып,

Ай асман өкүнгөнсүйт башын катып.

Калп эле жылмайымыш болгон менен,

Жашоодо мерез болуп кетип жаттык.

 

Көйгөйлөр шамал болуп буюктурду,

Гүл чыкса жерден өсүп жулуп турду.

Эмнеге адам пенде улуу болбой,

Өздүгүн кур намыска кууруп тынды.

 

Аттиң ай адам пенде аруу болбой,

Өздүгүн кур намыска кууруп турду.

 

Менде ырдан башка сүйүү жок

Кайберендүү тоолор көзгө тартылып ,

Бүгүн менин үйдө түнөр түрүм жок.

Бутту сунуп жатууга бар бир үйүм,

Чындыгында ырдан салган үйүм жок.

 

Өткөн күндү не сагынып не эстей,

Бүгүн түнү уктай турган түрүм жок.

Сулуу жанга сууктануулар болгондур,

Бирок менде ырдан башка сүйүү жок.

 

Ыр жана тоо ,кубаныч кайгым азабым,

Эстеп ,сүйүп ,эргий ,жыргап жазаарым.

Тагдыр жээрип тунгуңукка ыргытса,

Мен өзүмдү ырдан тоодон табамын.

 

Тагдыр жээрип туңгуюкка таштаса,

Тулку боюм тоодон ырдан табармын.

 

Өмүр кемеси

Сен мен түшкөн өмүр аттуу чоң кеме,

Жылат сүзөт кай тарапка алпарат.

Аркасынан улай жирейт толкундар,

Көк деңиздин көбүктөрүн майдалап.

 

Сен мен түшкөн өмүр аттуу бул кеме,

Мезгилдерге тешилет да жешилет.

Түбөлүктүү берилбеген бул жашоо,

Каалашыңча өмүр сүр деп энчилеп.

 

Күндөр бизди алаксыткан сыягы,

Бир күн жээкке жетери чын аягы.

Бар кызыктар барксыз болуп ошондо,

Ырлар гана жашап калат баягы.

 

Бар кызыктар барксыз болуп ошондо,

Бир сезимдер жашап калат сыягы.

 

Тулпар минип

Туйлатып тулпар минип камчыланып,

Турмушта түптүз эмес барчу жагым.

Карайлап адашсам да ашууларда ,

Алыстан үмүт жагат шам чырагын.

 

Далбас ура мезгилдин сапарына,

Демигемин доордун шамалына.

Беш бөлүнөт түйшүктөргө ой санаам,

Жан эргиткен жакшы ырлар жазаарымда.

 

Кээде кыял кондуруп кыл чокуга,

Бороон уруп уютат оң солуна.

Баягы бир кайрыктар жандүйнөмдө,

Багыт болуп жетелейт ыр жолуна.

 

Туйлатып тулпар минип камчыланып,

Турмушта түптүз эмес барчу жагым.

 

Найман деген улуу журт

Тарыхтын терең төрүнөн,

Башталат Байкал көлүнөн .

Улуу журттун уңгусу,

Улуу кыргыз көрүнгөн.

Кылымдар сүйлөйт өткөндү,

Чайпалып доорлор бөксөрдү.

Орхон, Тарим, Кара - Иртыш.

Тулпар чапкан баатыр эл,

Туусуну бийик көтөрдү.

Таян - Хан жана Кучлуг- Хан ,

Наймандан чыккан улук хан .

Душманга сырын алдырбай ,

Намысын туткан улуттун.

Энесай , Алтай , Памирге,

Жергетал , Шаартуз жерине.

Чөп өскөн тоолуу таштарга,

Чоң - Алай , Сарыкол ,

Кашкарга. Кыяк - Башы ,

Можуга, Ок - Салыр , Бостон - Терекке .

Баш - Күмбөз , Мургап , Чечекти,

Ыраң - Көл , Шаймак , Кара - Көл,

Жашаган Найман улуу журт .

Зоодогу алгыр бүркүттөй ,

Жигити кыраан улуу журт.

Кырчын талдай ийилген ,

Кыздары сулуу улуу журт.

Кош жылдызга жуп болгон ,

Тууруна бекем кут конгон.

Түндүгүн бийик көтөргөн,

Түптүү Найман улуу журт.

Саптуу найза бөктөргөн,

Сан кылымды өткөргөн.

Салт - санаасын сактаган ,

Санжырасын тактаган ,

Нарктуу Найман улуу журт.

Учугун үзбөй улаган ,

Жоктон барды кураган .

Чындыкты бетке кармаган,

Ар - Намыстан тайбаган ,

Барктуу Найман улуу журт.

Күлүк чаап байге алган,

Ит агытып куш салган.

Комуз чертип күү чалган ,

Күүлөнгөн сайын күч алган ,

Салттуу Найман улуу журт.

Эл башында миң - башы,

Калк кашында жүз башы .

Эзелтен эле тарыхта,

Султандар улайт көч башын .

Тегинде бар уютку,

Канында бар улуулук.

Өзөгүнөн тамырлап ,

Өсүп чыккан аруулук,

Найман деген улуу журт.

Ат үстүндө жаралган,

Ааламга тегиз таралган.

Байыркы баатыр тукуму ,

Найман деген улуу журт ! 


Качтык шашылып

Жашыл кызыл пулдар көзгө тартылып,

Биз тоолордон тентип качтык шашылыш.

Сезимдерди тушап көйгөй турмушка,

Сөлөкөттөй өтүп жаттык кайчылаш.


Мунуң болбойт көп көптөрдү солойм деп,

Биз тоолордон жээрий бастык шашылыш.

Изги үмүттү туңгуюкка ыргытып,

Эссиз жандай кадам салдык катарлаш.


Кийин билдик сол чөнтөк толбойт экен,

Көп кызыгың биздейге болбойт экен.

Бөлтөйө албай кубарган жүз өңүбүз,

Бөтөндү эмес тоолорун ойлойт экен.


Албыра албай жүдөгөн жүз өңүбүз,

Жүрөк кургур ой кырды ойлойт экен.


Ойлор

Кызыктырып койбой мени көп ойлор,

Топон - чаңга чабылган бир жанмынбы.

Боз дөңсөөдө көпкө ойлуу отуруп,

Шашып жөнөй басып кеткен жанмын бир.


Кыял кызык , чарк айлантып түшүмдө,

А өңүмдө баягы эле көрүнүш.

Баягы эле батка кечкен батинкем,

Баягы эле сыры кеткен отургуч.


Жолум ушул ийри - буйру чийилген,

Хан эмесмин жылтыр - жултур кийинген.

Адатым бар баарын көргөн өзүмдөй,

Күн жылт этсе күлө карап сүйүнгөн.


Атым да жок ,жонго куржун артынгам,

Шамал сүрөйт көмөк кыла артымдан .

Бирок калган сезимдерде бир кайрык,

Обон муңу боз дөңсөөдө жашынган.


Мага курдаш ,мага сырдаш боз дөңдөр,

Өткөнүмдүн элесини жашырган.


Миң - Гажыр

Миң - Гажырдын бийик аска зоолору,

Бүркүт конуп уя салган бетине.

Каалгый уча үстүндөгү булуттар,

Бир ажайып элес кошот көркүнө.


Оо Миң -Гажыр ,жүздүр ,миңдир , миллион,

Менде көп- көп кусалыктар түрүлгөн.

Бирок билем көргөн жандар байкашпайт,

Бир жылмайып күлүп жүргөн түрүмдөн.


Топ бүркүттөр конуп учкан кыядан,

Балапандар канат күүлөйт уядан.

Чексиз аалам ченеми жок аска зоо,

Чекитинен чейрек ырлар куралган.


Оо Миң-Гажыр, жүзбү миңби миллион,

Менде кат- кат кусалык бар түрүлгөн.


Башаламан

Жонубузда эски күрмө өңү өчүк,

Жашоо үчүн жан үрөйбүз жөөлөшүп.

Кудум бирөө тырмак сала калчудай ,

Катып турам кылдай мойун өңгөчүм.


Жулкулдашат , булкулдашат,шылуундар,

Жанчамын дейт жумуртканы кыйындар.

Жарыгы жок жансыз күлөт акча үчүн ,

Жамалы өчкөн жагалданган сулуулар.


Кымкуут жерде колун сунат кайырчы,

Калчылдаган алсыз арык карыя.

Жыртык джинсы жумуш издейт жаш жигит,

Улам карайт гезит ,жарнак, жарыя,


Талапкерлер карматам дейт булутту,

Талап жерлер жарга түрттү үмүттү.

Кош жүздүүлөр коркпогондор убалдан,

Кишини эмес кудайды да түңүлттү.


Жашообуз чын жыртык күрмө өңү өчүк,

Жашоо үчүн жан үрөйбүз жөөлөшүп.


Бүгүн

Бүгүн өлдүм жашоодо эмес сезимде,

Сынып, сынык кыялымда миң өлөм.

Көңүл кирдеп өчөрүмдө мүңкүрөп

Эртең кайра жаңы үмүттө төрөлөм.


Бүгүн келдим жаңы күнгө жаралып,

Баш көтөрүп бактымды издей торолуп.

Өлгөндөрдү көмүү болсо жөрөлгө,

Төрөлгөндө кошо туулган көрөңгөм.


Жаркыганда жаңыланып жаралып ,

Өкүнгөндө өлөм өлөт сезимдер.

Бирок билем бир күн келет чын өлүм,

Саат күнүм бүткөнүндө күттүрбөй.


Көңүл сынса сезимимде жүз өлүп,

Кайра эртеңки жаңы күнгө төрөлгөм.


Өмүр сапары

Жарык өткөн күндөрүмдүн жартысы,

Жандүйнөмө кубат берээр жарчысы.

Кызыккандар назар таштап үңүлөт,

Үзүп күткөн үмүттөрдөн алчуусу.


Кара - чачым улам барат агарып,

Кара - көзгө калбады окшойт жагарым.

Бир четинен кемий берчү өмүр күн,

Бирден жумсам манжаларым саналуу.


Жетер чекке жылып жүрүп жакындай,

Мезгил сүрүп маземди алат закымдап.

А мен киммин, баш ийбеген тагдырга,

Бул жолдордо өткөн канча асыл жан.


Кемий берет кетилгенден кемтигим,

Бөксө дүйнө толбойт тура торсугуп.

Ошондуктан башты ийип баарыңдан,

Тирүү кезде сурап турам кечирим.


Бир четинен кемий берет өмүр күн,

Ошондуктан сурайм бүгүн кечирим.



Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий

коомдук бирикмесинин мүчөсү

Алай району, Сары-Могол айылы

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.