Алай районунун Сары-Могол айылынын тургуну жердешибиз Өскөнбай Бердибаевдин “Түндүк” атуу поэзия китеби Ош шаарында басылып чыкты. Ош шаарында китептин бет ачар кечесинде жазуучулар союзунун Оштогу төрагасы жана башка акын журналистер катышып жаш жазуучуга чыгармачылык ийгилик каалашты.
Өскөн иним сенин биринчи чыгармачылыктагы сапарың байсалдуу болсун, ушундай жакшынакай ырларың окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапсын сен кыргыэдын, Чынгыздын уулусуң калемиң курчуй берсин. Жаманды жазба, жакшыны жаз, жалганды жазба. чындыкты жаз ишиңе ийгилик, ак жол сага!
Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Союзунун
Ош бөпүмүнүн төрагасы, кыргыз эл акыны Турабай Жороев
Өскөнбай Бердибаевдин ыр саптарына сарасеп салып, көз жүгүртүп отуруп жазган ырларында жандуу ой, жан дүйнөнү кайдыгер калтырбаган салабаттуу саптар, жылт эткен жылдыздын учкунундай купуя сыр каткан ойго салган «Баракелде» деген баага арзый турган аракет жөндөмдү байкадым. Өзгөчө баса белгилеп кетүүчү нерсе Өскөн өзү менен өзү көп иштеп сөз байлыгын өстүрүп ыр жазуунун ыгын өздөштүрсө, көөдөнүндө көлдөй чалкып жаткан чыгармачылыктын издери чыйыр алып чыныгы эл оозуна эртеби, кечпи алынаарына күмөнүм жок. Өскөндүн анча мынча ыр түрмөктөрүнө көз жүгүртүп олтуруп өзөк тамырында шык жөндөм бардыгына ынанып, ага чыгармачылыктагы зор ийгиликтерди, ыр сабындагы аруулукту, тазалыкты, поэзия дүйнөсүндө өз ордун табуусуна тилектештигимди билдирем.
Б. Орозбаев акын журналист
“Түндүк” китебинен эки сап:
Курманжан Датка Датка энебиз ким болгон Акылы тунук жан болгон Караңгыда жол тапкан Колунда нурлуу шам болгон Датка энебиз ким болгон Жалпы журтка тең болгон Элинин ойлоп тагдырын Көрөгөч асыл жан болгон Датка энебиз ким болгон Теги түптүү эл болгон Өлүмгө тике каратан Алайдан чыккан шер болгон Тушунда тулпар чаптырган Туурунда бүркүт бактырган Оруска түзүп ымала Элинен кадыр барк тапкан Даңкы жеткен далайга Атагы кеткен Алайга Учугу жеткен Сарколго Маржанай деген ат менен |
Белгилүү болтон ошондо Жолборсу болгон колдоочу Бул Кудайдан келген касиет Тушунда тулпар чаптырган Туурунда бүркүт бактырган Мөңгүлүү ашуу көп ашкан Аябай узак жол баскан Айтылбай келет тарыхта Датка энем мекендеп келген Бадахшан Ал жерде кадыр барк күткөн Ал жерде элден сый көргөн Атактуу Саркол жеринде Айланып бүркүт зоосунда Аркарлар оттойт тоосунда Жылгасы бийик өрдөгөн Арпасы өсүп буудай өнбөгөн Боз шыбагы тумактай Коёну тоңуп өлбөгөн Маржанай деген ашуу бар Кыязы ушул ашууну Көп ашкан го Датка энем Белгилүү болгон ошондо Сары Колдо Маржанай деген ат менен
|
Айдоочу (Мен ушул ырымды СССР убагында Памир жолунда эмгектенген айдоочуларга арнаймын)
Жолдомун айдоочумун сапар узок, Мингеним темир тулпар өзүмө ынак. Баратам бет алдыман шамал жиреп, Өмүрдө бийиктикке жолум улап.
Жол узак бийик тоолуу ашуулар бар, Тер төгүштү ушул жолдо канчаа адамдар. Памирге тонналаган жүк ташыган, Булар азыр ак сакалдуу карыялар
Жол улап бийик тоонун белесине, Бараткансыйм сезимдердин сересинде. Таазим кылам ардагер айдоочуга, Силер жүргөн таш жолдун элесине.
Силер жүргөн ушул жолдо биз жүрөбүз, Ашаарбыз силер ашкан ашууларды. Мекен үчүн аябай кылган кызмат, Ардагер айдоочулар силерге даңк.
Ардагер айдоочуларга силерге урмат, Ардагер айдоочуларга силерге даңк. |
Китепти ушул жерден окуй аласыздар "ТҮНДҮК"
Абдижамил Примбердиев