Кылымдар өңүрүн өрдөй басып сыр катып сырдуу турган ушул өрөөн,
Кылымдар кыл чайнашып өткөн менен тунжурап тынчтыкта ушул өрөөн.
Кылымдап кыргыз калкын мекендетип кадырлуу мекен болгон ушул өрөөн.
Ак мөңгү боз мунарык тоолор менен коюндаш кыргыз журтка ыйык өрөөн.
Санжырада Сары-Кол аты менен тарыхта Памир, Мургап аты менен жашап турат ушул өрөөн.
Абубакир Таштемирович