Айыл турмушу: Этникалык кыргыз Бүбүракыя Жолукеева ысык-көлдүк кыздарга унуттка калган кол өнөрчүлүктү үйрөтүүдө (сүрөт)

Айыл турмушу: Этникалык кыргыз Бүбүракыя Жолукеева ысык-көлдүк кыздарга унуттка калган кол өнөрчүлүктү үйрөтүүдө (сүрөт)

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну Бүбүракыя Жолукеева унутта калып бара жаткан кыргыздын кол өнөрчүлүгүн кыздарга үйрөтүп жатат. Чебер айым менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.


Бүбүракыя Жолукеева 1974-жылы Тажикстандын Мургаб жергесинде туулган.


«Атымды чоң атам койгон экен. Атам молдо киши болгондуктан Ракыя деген ысымды курандан алып, анан Бүбүнү кыргызча кошуп коюптур. Үй-бүлөдө 8 бир туугандын эң улуусумун. Биз этникалык кыргыздар болобуз. Мургаб районунда кыргыздар жашап, көбү кыргыздын кол өнөрчүлүгү менен алектенип, кийизден көп буюмдар жасалат. Ал жерде уз-чеберлер көп эле. Андыктан кичинемен кыргыз буюмдарын жасап чоңойдум. Апам уз адам болгон. Учурда андан үйрөнгөн өнөрүмдү аркалап келем», - дейт ал.


Каарманыбыз мктепти аяктагандан кийин Бишкек шаарына билим алууга келген. 1991-жылы педагогикалык университетте (азыркы И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик педагогикалык университет) башталгыч класстын мугалими кесиби боюнча билим алган. Окууну аяктагандан кийин жалал-абаддык жигитке турмушка чыккан.


«Ал жерде 10 жыл мугалим болуп иштедим. Жолдошум Амантур да таланттуу адам. Ал сүрөттү жакшы тартат. Учурда биргеликте автордук оюулардын үстүндө иштеп жатабыз. Мисалы, мурда кыргыздын жазуулары да оюу сыяктуу болгон. Аларды, эн белгилерди кошуп, баарын айкалыштырып, нукура кыргыз кийизинен жасалган бренд оюуларды чыгаралы деп жатабыз», - деди ал.


Бүбүракыя Жолукееванын айтымында, кийинчерээк үй-бүлөсү менен Балыкчы шаарына көчүп келишкен. Учурда балдар билим борборунда кол өнөрчүлүктөн сабак берет.


«Аталган борбордо 14 жылдан бери иштеп келем. Анда 10 жаштан жогору кыздарга кол өнөрчүлүктү, шырдак жасоо, сайма сайууну үйрөтөм. Ийримибиздин аты «Сыйкырдуу жиптер» болгондуктан жиптен эмне жасалса, ошонун баарын жасайбыз. Андан сырткары кийиз менен иштейбиз. Ошондой эле кыздарга түймө түйгөндү үйрөтөм.


Эмгектерибизди ар кандай сынак, көргөзмөлөргө алып барып, алдыңкы орундарды алып келебиз. 100 гө жакын уз кыздарды окуттум. Алардын ичинен кол өнөрчүлүктү мыкты алып кеткендери да бар. Нуркыз Төлөгөнова деген кызыбыз эл аралык сынакта биринчи орунду жеңип алды. Түймөнү мыкты түйөт. Ошондой эле «Куурчактар жармаңкеси» деген эл аралык жармаңке өткөн. Анда окуучу кызымдын өз колу менен жасаган куурчагы экинчи орунду жеңип, куурчагы эл аралык каталогго кирген», - деди ал.


Бул эмгектеринин артында «Билим берүүнүн отличниги» наамын алган. Ошондой эле бир нече ардак грамоталардын ээси. Учурда ал кыздарга өз эмгеги менен киреше табууну да үйрөтүүдө.


«Азыр кыздар менен жасаган эмгегинен пайда табуу деген принцип менен иш алып барып жатабыз. Алар күнүмдүк керектүү кол кап, байпак өңдү кийимдерди токушат. Аларды сатыкка коюп, киреше дагы таба алышат. Кыздар сабагын окуп, бошогон кезде кол өнөрчүлүк менен алектенгендиктен бир буюмду бир жумада жасап бүтүшөт. Негизинен кол өнөрчүлүк менен алектенүүгө эрктүүлүк талап кылынат. Анткени ар бир буюмду кылдаттык менен сапатуу жасоо керек.


Келечекте унутта калган терме таарды сокконду кыздарга үйрөтсөм дейм. Андан үй буюмдарын, панолорду согууну пландап жатабыз. Бул ыкма унутта калып бара жатат. Жиптен согулуп, кыргыздын оюулары түшүрүлүп жасалат. Ал санак менен иштелгендиктен кыздардын математикалык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга да жакшы болот. Нукура жүндөрдөн ийрилген жиптер менен соксок деп жатабыз», - деди кол өнөрчү.


Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены