Президент Алмазбек Атамбаев Афганистандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Мохаммад Ханиф Атмарды кабыл алып, Памир кыргыздарынын абалын талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштын бекемделгени айтылып, мамилелерди мындан ары да өнүктүрүү маселелери ортого салынды. |