– Чечиле турган көп маселелер бар. Алардын эң негизгиси - жашы жете элек кыздарыбыздын чет мамлекеттерге чыгышы. Өзүм акушёр гинекологмун. Ушул тапта жашы жете элек кыздарыбыздын арасынан боюнда болуп, каякка барышын билбей жүргөндөрү бар. Ушундай көйгөйлөр мамлекет тарабынан колго алынабы деген үмүттө келип олтурам. Мен этникалык кыргызмын. Тажикстандан келген кыргыздар азыр кыйналып жатышат. Себеп дегенде, 2007-жылы Садыр Жапаровдун жардамы менен кайрылман статусун алганбыз. Ошол азыркыга чейин толук кандуу ишке кире элек. Ал жерде жашаган жарандар пенсия менен жөлөк пулдарды ала алышпайт. Алардын 0,2-0,3 пайызы гана алышы мүмкүн. Калгандары алышпайт. Андан тышкары, Тажикстандан качып Кыргызстанга келген кыргыздарыбыз бар. Аларга бул жактан айып пул салып, өлкөдөн чыгарып жиберип кыйнап атышат. Ал байкуштар, бул жактан кыйналганы аз келгенсип, эртең Тажикстанга барса, аларды "жаза алдыңар" деп ушул көйгөйлөр күтүп турат. Себеби, алардын жарандыгы Тажикстандыкы. Ошон үчүн Тажикстандан келген жарандарыбызга "качкын" же "кайрылман" деген статус берип, аларды коргоп калышыбыз керек. Аларды кетирбешибиз керек. Себеби, көбүнчө армияга жарактуу балдарыбыз келген. Ошолор азыр кыйналып жатат. Андан башка дагы Кара-Балта шаарында ушундан отуз жыл мурда Тажикстандын өз ара согушунан улам Кыргызстанга келген жарандарыбыз бар. Ошол кыргыздар азыркы күнгө чейин эч кандай шарттары жок бир бала бакчада жашайт. Бала бакча мамлекетке карагандыктан, ар дайым ал жерде талаштартыш болот. Ушул маселени да карап чыгып беришсе дейм.
Бишкек. Элдик курултай 2022.
Маизбү Бердибекова
Москвадагы "Кыргыз биримдиги"
диаспорасынан делегат