Баткенге батпаган кыргыз Ооганстанга ооп кетсинби?

Баткенге батпаган кыргыз Ооганстанга ооп кетсинби?

Баткен облусунда Тажикстандан көчүп келген 2 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандын жарандыгын алыша элек. Мындан улам, жумушка орношуу, балдарды мектепке окутуу, медициналык жардам алууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатабыз дешет алар. Айрымдары базарларда араба түртүп үй-бүлөсүн бакса, башкалары - колунда барларга жалчы болуп иштеп, бала-бакырасын багып келет. Турмуш шартынан кыйналган этникалык кыргыздар - Президентке, Өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылуу жасашты.

 

Мамражап Кадыров, Тажикстандан келген этникалык кыргыздардын "Сары-Кол” коомдук бирикмесинин төрагасы: "Мен 2007-жылы Тажикстандын Мургаб районундагы Аличор кыштагынан көчүп келгемин. Кызыл-Кыя шаарында батирде жашайм. Бизге өкмөт каралашып, ипотекалык кредит берип, үй салып берсе жакшы болот эле. Мага окшогон этникалык кыргыздар Кызыл-Кыяда көп. "