Бул аянтчада документтердин тизмеси жана арыздарды кароо тартиби боюнча кеп-кеңеш алууга да болот. Бардык арыздар "Жарандык" автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу кабыл алынат.
18-августтан тартып төртүнчү калкты тейлөө борборунда жарандык алуу боюнча этникалык кыргыздар жана жарандыгы жок кыргыз улутундагылардын документтерин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кабыл алуу борбору иштеп баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бул аянтчада документтердин тизмеси жана арыздарды кароо тартиби боюнча кеп-кеңеш алууга да болот. Бардык арыздар "Жарандык" автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу кабыл алынат.
"Президенттин жарлыгын аткаруунун алкагында 2021-жылдын 21-июлунан тартып Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрү жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу боюнча этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу боюнча иштерди баштады", — деп айтылат маалыматта.
10-августка карата "Жарандык" автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу 42 документ кабыл алынып, макулдашууга жөнөтүлгөн.
Бул демилге 2022-жылдын 31-декабрына чейин созулат, Калкты тейлөө борборунун пилоттук долбоор түрүндөгү пункту зарыл болгондо жана жарандар кайрылганда иштей турганы белгиленди.