Күздүн экинчи айы ызгаардуу кыштын алыс эместигин эскертүү менен башталды. Бул күндөрү Кыргызстандын бардык аймагында аба ырайы сууктап, жаан-чачын жарандарыбызды кыш камылгасын тездетүүгө аргасыз кылууда. Ал эми кышы эрте түшкөн климаттык шарты катаал Улуу жана Кичи Памирдеги кандаштарыбыз кандай күн көрүшүүдө? Соңку маалыматтарга караганда памирлик кыргыздарга апта ичинде азык-түлүк түрүндө 100 тоннага жакын гуманитардык жардам жеткирилди. Бул памирлик кыргыздардын кыштан кыйналбай чыгуусуна мүмкүндүк берет. Эске салсак, Афганистандын бул аймагын байырлаган этникалык кыргыздарга камкордук көрүү демилгесин биринчилерден болуп коомдук жана мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты Чолпон Султанбекова болгондугу белгилүү. Учурда Афганистанда талибанчылар бийликке келди. Бул жагдай памирлик кыргыздар үчүн кооптуу эмеспи? Бул жана башка маселелер туурасында мамлекеттик ишмер Чолпон Аалыевна Султанбековна менен мектештик.
– Чолпон Аалыевна, мындан беш жыл мурда өкмөттүн вице-премьер-министри кызматын аркалап турган кезде памирлик кыргыздарга жардам көрсөтүү демилгесин колго алып, 2017-жылдын ушул мезгилинде Улуу жана Кичи Памирге экспедицияны жетектеп баргансыз. Ал учурда Афганистанда бийлик башка эле, азыр өлкөнү көзөмөлдөөнү талибдер колго алды...
– Ооба, жол азабын тарткан 2017-жылдагы сапарыбыз оңойго турган эмес. Максатыбыз – ал жакта кыйынчылыкта жашаган кыргыздардын балдарын Кыргызстанга алып келип окутуу эле. Афганистандагы опурталдуу кырдаалга байланыштуу чоң тоскоолдуктарды жана ар кандай коркунучтуу, кооптуу жагдайларды башыбыздан өткөрдүк, чек арада бир жумадай өтө албай турганбыз. Ага чейин деле кыргыз өкмөтү тарабынан аракеттер жасалган экен, бирок ишке ашпай келген. Акыры биз Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп бул максатка жетише алдык.
– Афган бийлиги эмне үчүн памирлик кыргыздардын балдарын Кыргызстанга жибергиси келген эмес?
– Афган бийлиги үчүн бул саясий маселе болгон. Кыргыздар жашаган жер беш мамлекеттин чек аралары тогошкон аймак. Ошондуктан, Улуу жана Кичи Памирде кыргыздардын турушу алар үчүн маанилүү. Афган бийлигинен сырткары, ал жерде кыргыздарга баш-көз болгон ханы деле биздин ниетибизге мамилеси салкын экендигин байкаганбыз. Бирок, биз максатыбызга жеттик, балдар эле эмес бир топ үй-бүлөнү Кыргызстанга көчүрүп келе алдык.
– Кайра-кайра гумжардам жөнөтүп убара тартпай, алардын баарысын биротоло көчүрүп келип алсак болбойбу?
– Бул жогоруда айткандай саясий маселе. Памирлик кыргыздарда паспорт деген жок. Чек арадан сырткары чыга алышпайт. Документ берүү маселесин биз афган өкмөтү менен талкуулаганбыз. Бул ишти аягына чыгаруу керек. Бирок, памирликтер өз балдарын Кыргызстанда билим алууга жөнөтө алышат. Анткени, Афганистандын Бадахшан провинциясынын жетекчилиги менен жетишилген тиешелүү макулдашуу бар. Ал эми бул жакка келгендерине кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү менен паспорттор берилген. Көчүп келген кыргыздарга Алай районунда бардык шарты, инфраструктурасы камсыздалган турак-үйлөр куруп берилди. Алар Кыргызстандагы жаңы жашоолоруна абдан ыраазы, азыр Памирде калган кандаштарыбыздын да биротоло көчүп келүүгө каалоолору күч. Ошондуктан, алардын бардык муктаждыктарын чечүүгө Президентибиз Садыр Нуркожоевич Жапаровдун өзү киришип жатканы кубандырат. Кышка карата соңку гумжардамдар да мамлекет башчыбыздын көрсөтмөсү боюнча жеткирилди.
– Кыргызстанга көчүп келгендеринен кабар алып турасызбы?
– Аларды жайгаштыруу аракеттери менин көзөмөлүмдө болду. Азыр да бул маселеге кайдыгер караганым жок.
– Талибдердин бийликти колго алышы памирлик кыргыздардын жашоо турмушун оорлотуп коюшу мүмкүнбү?
– Расмий маалыматтар боюнча Улуу жана Кичи Памирде учурда 1,5 – 2 миңдей кыргыздар эң эле оор шарттарда жашайт. Быйыл жайда талибдерден кооптонгон 400гө чукул кандашыбыз мал-жандыктарын айдап Тажикстандын Мургаб районуна качып келгендиги тууралуу маалыматтар бар. Бирок, талибдер азырынча кыргыздарга кыянат аракеттерди жасай элек. Ал эми качкан кыргыздарды Кыргызстанга өткөрүү маселеси үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда Душанбеде өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынында козголгондугу, бул маселе Президенттин жана Министрлер кабинетинин көзөмөлүндө экендиги белгилүү. Кандаштарыбызга кам көрүү аларды Кыргызстанга биротоло көчүрүп алганга же жашоо шарттары жакшыртылганга чейин токтобошу керек. Негизи эле дүйнөнүн чар тарабында күн кечирип жүргөн кыргыздарга ар дайым камкордук кылып турушубуз зарыл. Айрыкча Памирде жашаган кыргыздарга.
– Чолпон Аалыевна, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш былтыр 4-октябрда шайланышы керек эле. Бирок, 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы саясий кризиске алып келип, өлкөдө бийлик алмашты. Анын себебин жакшы билесиз...
– Шайлоолор таза өтпөсө мындай окуялар кайталана берет. Азыркы бийлик 28-ноябрдагы парламенттик шайлоолор таза уюштурулат, административдик ресурстар колдонулбайт деп ишендирүүдө. Эгерде бул убадалар орундалса, эл мүдөөсү орундалып, кесипкөй парламентке ээ болобуз деп ойлойм. Ошентсе да, ар бир шайлоодо негизги тандоо электораттын өз колунда. Кайдыгерликтен, саясий караңгылыктан арылууга мезгил келди. Ансыз биздин өлкөбүз эч качан өнүгө албайт.