МОСКВА: "Сары-Кол" коомунда «Ыр кесе» (сүрөт/видео)

Москва шаарында 23- июнда Кара кыргыз автономиясынын 100 жылдыгына карата Токтогул коомунан өткөрүп алган "Ыр кесе" Тажикстан Республикасынын Мургаб районунан келген кыргыздардын "Сары-Кол" коому төрайымы Маиза Бердибекова жана көркөм жетекчиси Сражидин Молдокут уулу жетектешип эң жогорку денгээлде өткөрүштү. Ыр кеседе байыркы кыргыз элибиздин үрп адат, каада салттары, ырым жырымдары, алтындай жарк эткен нарк насилдери, пайдаланган үй тиричилик буюмдары, музыкалык аспаптары айрыкча биздин Кенешибиздин Тажикстандагы төраганын жардамчысы Сражидин аксакалдын так текени ойнотуп кол ойнотуп комуз черткени, кыргыздын эски улуттук ырларды аткаргандары баарыбызды өткөн кылымга ата бабаларыбыздын бейиштей жашоосуна жетеледи. Байыркы улуу Кыргызды Кыргыз кылган салт нарктарыбызды даңазалашып, жаштардын үйлөнүү тоюндагы жоролго каадаларды өтө мазмундуу тамай көргөзүп, кылым карыткан кыргыздын нарк дөөлөттөрүн ыр кеседе тартуулап убакыттын кандай өткөнү билинбей тынымсыз кол чабылып турду. Аксакалдардын атынан "Сары-Кол" коомуна ийгилик каалап ак бата тилейбиз!

 

moskva-sary-kol-koomunda-yr-kese
moskva-sary-kol-koomunda-yr-kese 1 1  moskva-sary-kol-koomunda-yr-kese 1 2

ВИДЕО № 1

 

 

ВИДЕО №2

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены