Швецияда ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-жыйыны болуп өтүп, анын алкагында министр Руслан Казакбаев ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолукту.
Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму (ЕККУ) менен биргеликте памирлик кыргыздарга гуманитардык колдоо көрсөтүү боюнча долбоорлорду баштоого белсенүүдө. Бул тууралуу ТИМден билдирди.
Маалыматка караганда, 1-3-декабрь күндөрү Стокгольм шаарында (Швеция) ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-жыйыны болуп өттү. Анын алкагында Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун башчысы Руслан Казакбаев ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолуккан.
"Тараптар негизинен Афганистандын Улуу жана Кичи Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздар тууралуу сөз кылып, аларга азыркыдай саясий оор кырдаалда гуманитардык колдоо көрсөтүү жолдорун талкуулашты", — деп айтылат билдирүүдө.
Жолугушуунун аягында алар памирлик кыргыздарга жардам көрсөтүү боюнча долбоорлорду баштоо зарыл деген пикирге келишти.
Эске салсак, октябрь айында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экспедициялык тобу Памир кыргыздарына 95 тонналык гуманитардык жүк жеткирген.