Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдорго каттоо жүрүүдө

Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдорго каттоо жүрүүдө

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн 75 квота бөлүнгөн. Ага Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Өзбекстан,Тажикстан, Түркия жана Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар катыша алат.


Сынактык тандоого катышуу үчүн абитуриенттер онлайн системасына катталып, "Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргызстандын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу" бөлүмүнө бардык Kepeктүү документтерди жүктөшү керек.


Форманы толугу менен 17-августка чейин толтуруу талап кылынат. ЖОЖдордун жана адистиктердин тизмесин шилтемеден табууга болот.