Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жождорунда чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүнгөн.
Сынакка этникалык кыргыздар: Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Түркия Республикасынын жарандары катыша алышат.
Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/онлайн системасына катталып, "Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу" бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2022-жылдын 2-сентябры саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.
Керектүү документтер:
1. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине котормосу менен.
2. Билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине которулган тиркемелери менен.
3. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.
4. Талапкерлердин академиялык тармактагы жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, грамоталар, дипломдор (бар болсо).
5. 086-у медициналык маалымкат.
6. АИВ/КИЖС жок экендиги жөнүндө маалымкат.
Эскертүү: документтердин толук эмес пакетин камтыган арыздар автоматтык түрдө жокко чыгарылат!
Техникалык текшерүү
Кабыл алуу аяктагандан кийин (2022-жылдын 2-сентябры саат 23:59) келип түшкөн арыздардын талаптарга ылайыктуулугу жана керектүү документтердин бар-жогу текшерилет.
Онлайн системага өз убагында ийгиликтүү катталып, программанын талаптарын сактоо менен керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноолоруна катышууга уруксат берилет.
Кируу сынактары(компьютердик тестирлөө) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында
2022-жылдын 7-8-сентябрында өткөрүлөт.
Конкурска катышуу тууралуу маалыматтар иш күндөрү саат 15: 00дөн 17: 00гө чейин+996(312)625082, 621519, 620497,+996(707)070395 телефондору аркылуу берилет. Ошондой эле катышуу тууралуу суроолорду icipd.moes@gmail.comэлектрондук дарегине жиберсеңиз болот.
Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз !
ПРИЕМ ДОКУМЕНТОВ ДЛЯ ОБУЧЕНИЯ В ВУЗАХ ЭТНИЧЕСКИХ КЫРГЫЗОВ, ПРОЖИВАЮЩИХ ЗА РУБЕЖОМ, ПРОДЛЕН ПО 2 СЕНТЯБРЯ 2022 ГОДА
Согласно Указу Президента КР «О мерах по оказанию поддержки в вопросах образования и национальной культуры соотечественникам, проживающим в зарубежных странах», на 2022-2023 учебный год выделено 75 квот для обучения этнических кыргызов, проживающих за рубежом в вузах Кыргызстана.
В конкурсе могут принимать участие этнические кыргызы, являющиеся гражданами Китайской Народной Республики, Республики Казахстан, Республики Таджикистан, Республики Узбекистан и Турецкой Республики.
Для участия в конкурсе кандидаты должны зарегистрироваться и загрузить необходимые документы в онлайн-системе министерства http://student.edu.gov.kg/, раздел «Прием этнических кыргызов, проживающих за рубежом для обучения в высших учебных заведениях Кыргызской Республики на 2022-2023 учебный год.», а также заполнить необходимые поля формы в интернете до 23:59 часов 2 сентября 2022года.
Необходимые документы:
Копия паспорта либо свидетельства о рождении, с переводом на русский или кыргызский язык, нотариально заверенная.
Копия документа об образовании (аттестат или диплом), с приложениями, с переводом на русский или кыргызский язык, нотариально заверенная.
Справка о составе семьи.
Сертификаты, грамоты, дипломы, подтверждающие достижения кандидатов в академической сфере (при наличии).
Медицинская справка 086-у.
Справка об отсутствии ВИЧ/СПИД.
Внимание: заявки, содержащие неполный пакет документов будут автоматически отклонены!