Этникалык кыргыздарга КР визасыз кирип чыгууга жол ачуу керек

Etkg bez vizyЫргал Кадыралиева: Этникалык кыргыздарга Кыргызстанга визасыз кирип чыгууга жол ачуу керек

 

Бул боюнча Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева билдирди.

 

Айтымында, этникалык кыргыздар өз мамлекетине киралбай кыйналышат. «Туугандарына киралбай атышат. Биз аларга визасыз шарт түзсөк болот. Мына, мамлекет 45 мамлекет үчүн кирип чыгууга жол ачпадыбы».

 

Эскертсек, комитет «Четөлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери» жөнүндө мыйзам долбоорун талкулоодо.