Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде “мусулманчылыкка шек келтирип, ага коркунуч жараткан" деп күнөөлөнүп жаткан журналист Зулпукар Сапановду төрт жылга абакка кести. Ал сот залынан камакка алынды.
Сапанов Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси ("Улуттук, расалык диний же регион аралык кастыкты козутуу") менен күнөөлүү деп табылды.
Сапановдун китеби былтыр сентябрда жарык көргөн, андагы айрым тексттер "исламга шек келтирет" деген жүйө менен дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү УКМКга кайрылышкан. Андан кийин “Акыл эс, ыйман” коомдук уюмунун жетекчиси Дүйшөн Абдылдаев, теолог Кадыр Маликов, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу, Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков журналисттин жазгандарына каршы пикирин айтып чыгышкан.
Бирок автор аталган китепте эч кандай бөлүп жаруу же башка диндерге шек келтирүү жок деп, өз максаты - кыргыз улутун биримдикке чакыруу экенин маалымдаган.
"Азаттык" радиосу Сапановдун жубайы Гүлбарчын Ибраева менен байланышканда, чечимдин үстүнөн Бишкек шаардык сотуна даттанарын билдирди.
"Азаттык": Жолдошуңуз “мусулманчылыкка шек келтирип, ага коркунуч жараткан" деп күнөөлөндү. Анын "Кыдыр санжырасы” китебинде "мусулманчылыкка шек келтирген тексттер бар" деген дооматтарга макулсузбу?
Гүлбарчын Ибраева: Бул жерде динчилдер белгилеп жаткандай жаман деле нерсе жок. Кыргызым бириксин, кыргыз ар дайым ыйык эл болгон деп ошону баса белгилеген. Азыркыдай террорчулук күчөп аткан мезгилде балдар курмандык болуп кетпесин деген максатта жазылган китеп. Анда адамдык сапаттар бийик коюлган. Өзүнүн оюнан чыгарган эч нерсе жок. Жазардан мурун терең иликтеп, көп нерсени окуп чыккан. Бүт китептерден үзүндү, цитаталар келтирилген.
“Азаттык”: Китепти эмнеге таянып, кандай изилдөөлөрдүн негизинде жазган?
Гүлбарчын Ибраева: "Кыдыр санжырасы" деп аталышы эле айтып тургандай, санжыраны иликтеп чыкты. Байыркы мезгилде кайсы динге сыйынып келгенибиз камтылган. Ислам дини да бар.
“Азаттык”: Зулпукар Сапанов кыргыздар, дин тууралуу кандай ойдо эле?
Гүлбарчын Ибраев: Зулпукар азыр биз Алла деп сыйынып жатканыбыз чындап эле Кудайбы деген маселени козгогон. Ушул негизде китеп жазган.
“Азаттык”: Ислам динине ишенчү беле?
Гүлбарчын Ибраева: Эми такыр мусулман эмес деп айтпайм. Буга чейин Манас атабыз деле мусулман болгон деп жатпайбызбы. Ал деле мусулман, бирок Кыдыр атабызды Кудай деп чыккан. Биз "араптардын Кудайына ишенбешибиз керек, Кыдыр атага биригишибиз керек" деген. Курандан мисалдар келтирилген.
“Азаттык”: Куранды окуп чыкканбы?
Гүлбарчын Ибраева: Ооба, китепти жазардан мурун Куранды, Тооратты, Инжилди окуган.
“Азаттык”: Эмне себептен Кыдырды Кудай деш керек деген пикирди карманганын билесизби?
Гүлбарчын Ибраева: Ал жалаң илимдин үстүндө жүргөн киши. Бүт баарын окуп, изилдеп билгенден кийин бардыгын таразалап көрүп, ушул пикирге токтолгон. Жогорку билимдүү. Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин бүткөн. Журналисттик кесипти аркалачу. “Де-факто” гезитинде кабарчы, редактор болуп иштеп келген. Өзү тилчи болгондуктан санжырага кызыкчу. Анын үстүнө бүгүнкү коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү, саясий окуяларды жүрөгүнөн өткөрүп, кыргыз жок болуп кетеби деп кабатырланат.
“Азаттык”: Теңирчилик боюнча да айтып жүрөбү?
Гүлбарчын Ибраева: Албетте, китепте теңирчиликке да кайрылган. Муну илимий чөйрөдөгү кишилер да колдоп жатышат. Бул бир саатта же бир күндө чечиле турган маселе эместигин, динчилдер эмес, илимий чөйрөдөгүлөр, окумуштуулар чогулуп алып талкуулай турган нерсе экенин айтып жатышат.
Бүгүнкү сотто да ошолор барып колдоп беришти. Мисалы, сотко илимдин докторлору, Гүлзат Аалиева барды, буга чейин Байас Туралдын пикири гезиттерге чыккан. Буга чейин аны кимдер колдоп жатканын билчү эмесмин, бүгүн барып бүт эле агартуучулар кубаттай турганын көрдүм.
Ал сотто эч кандай күнөөсүн моюнга алган жок. Фактылар менен туура нерселерди, адамгерчиликти бийик койгон жагдайларды жазганын айтты.