Өлкөдө азыркы жарым жылда 518 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

Өлкөдө азыркы жарым жылда 518 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери Кыргызстандын аймагына 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн; 31-июлда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалымдалгандай: алардын 65 миңи Кыргызстандын жарандыгын алышкан. Быйылкы жылдын биринчи жарымында Өзбекстан: Тажикстан, Кытай, Орусия, Түркия, Ооганстан жана башка өлкөлөрдөн келген 518 этникалык кыргыздар кайрылман макамын алышты.


"Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар жөлөк пулдарды жана пенсияларды алууга, ден соолугун бекемдөөгө, билим алууга, ишке орношууга укуктуу. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бирдей негизде Жер кодексине ылайык айыл чарба жерлерин кыска мөөнөттүү пайдаланууга ала алышат", - деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, кайрылман макамын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык коргоо министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия берет. Өтүнүчтү кароонун мөөнөтү 2 айды түзөт.