Биринчи октябрь күнү Ош шаарында Сарыколдун чыгаан инсаны, легендарлуу жетекчи Шаимкулов Турганбайдын эскерүү кечеси болду.Т.Шаимкуловко арналып жазылган “Улуулар баскан улуу жол” аттуу эскерүү китепчеси кечеге катышкан Сарколчу жердештерге белекке берилди. Эскеруу кечеде Миңбаев Тагайбек, Турдубеков Акказ, Джураев Райымберди жана Т.Шаимкудовдун уулу Турганбаев Турсунгожо жана Т.Шаикуловдун улуу кызы Турганбаева Мариялар сөз сүйлөштү.
Шаимкулов Турганбай 1914 -жылы, абасы таза суусу мол, айтылуу Чоң- Алай жергесинде, Кара -Кабак (Юкос) айылында жарык дүйнөгө келген. Чоң - Алайда чоңойуп кабыргасы катыган Турганбай, тагдырдын буйругу айдап алыскы Сарыкол жергесинде өмүр кечирген. Не бир кыйчалыш тагдырлар капшабында, не бир өткөөл заман аптабында тотугуп жедеп бышып жетилип телчигип, кудай ыроологон көкүрөк көрөңгөсү менен баам салып, жашоо кечирип жеке керт башы эмес жалпы журтка бел болуу вазийпасын, өз акылгөйлүгү менен туюп, билип , аңдап, жүзөгө ашырган. Көпчүлүккө бел, жакшыга жар, жардыга жардам, жалгызга караан болгон. Өз мезгилинде Көөнө- Коргон айылында жаш- кары, улуу - кичуу арасында чоң сый урматка ээ болгон Турганбай Шаимкуловдун өзгөчөлүгү эмнеде?
Бул инсандын адамдарга болгон түз калыс, мамилесинде, чынчылдыгында, жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүндө. Чындыкты бетке айткан кашкөйлүтүндө жана көкүрөк көрөңгөсүнүн тереңинде жаткан улуу касиетинде. Жогорку билим албаса да жараткан ыроологон таланты, шык жөндөмү өжөрлүгү менен чарбаны өркүндөтүп, эл ичинде чоң абройго ээ болуусу бул инсандын дээринде ,өзөк тамырында, түптүү тегинде улуулук касиети бар экендиги баам салган адамга айгине маалым.
Ит агытып куш салуу, илгертеден бери кыргызга кандай кызыктуу ары кан дүргүткөн кумарлуу болсо, бул инсанга да аркар, теке атуу, тоого чыгып капкан койуу, ууга чыгып ит агытуу, күлүк таптап саяпкерлик кылуу, көңүлгө дыкат урулган көз жаздымдагы сүйүп ,сүйунүп аракеттенчү алектенчү жана ошондон ырахат алып чер жазчу кумары куш таберик. Бул тээ ата бабадан , улуу кыргыздан кылымдап калган ыроо таберик.
Т. Шаимкуловдун улуу кызы Марии Турганбаеванын эскерүүсү
Менин атам биздин эле айыл эмес, жалпы Тоолуу Бадахшандын көп жерлеринде таанымал экендиги эсимде. Мен эс тарткан кезден баштап атамдын басып өткөн өмүр жолуну билемин. Атамдыи зиректиги, акылынын дааналыгы, алдын ала көрө билүүсү, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү менен баарыбыздын эсибизде сакталып калды. Атамдын айткандары бүгүнкү күндө эсимде, атам көп айтар эле. (Тогуз жашымдан атамдан ажырап калып, жети бир тууган жетим калганбыз. Ошол оор жылдарда апабыз жалгыз баарыбызды тарбиялап өстүрдү. Менин бир туугандарым Буиба, Апиза, Шарапат,Анар. Инилерим Төлөн, Эшболот) деп агам эскерип айтып калчу.
Колхоз алгач куралып баштаган мезгилде, элдик жыйында Жайчибек, Осмон, Калбай,деген аксакалдар башкармалыкка Турганбай татыктуу деп айтышкан экен. Ошондо Молотов колхозуна башкарма болуп дайындалат, себеби кат тааныгап эсеп - китепке зирек сабаттуу болгон экен. Ошол күндөн тартып 1964-жылга чейин эл кызматында болуп келген.
1945- 1950 жылдары беш жылдык планды аткарууда жогорку көрсөткүчкө жетишкен. "Кызыл- Туу"ордени менен сыйланган экен. Ушундай ийгиликтүү иштери үчүн СССР жогорку Советинин президиумунун указы менен 1949-жылы 16- октябрда "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган. Тажик СССРинин указы менен "Эмгектеги Каармандыгы үчүн" медалы, В.И Лениндин 100 - жылдыгынын юбилейлик медалы жана башка көптөгөн грамота сыйлыктар менен сыйланган. Биз үй бүлөбүз менен дайыма атабыздын басып өткөн улуу жолу менен сыймыктанабыз. Атабыздын асыл касиеттерин улуу тутуп дайыма жаркын элесин жүрөгубүздө сактап келебиз.
Т. Шаимкуловдун уулу Турсунгожонун эскерүүсү
Менин атам Турганбай өтө ак көңүл, чынчыл, өжөр айтканынан кайтпаган, эч нерседен корклогон эр журөк адам болгон. Атам иштин көзүнү билген,чарбаны түшүнгөн, кайсы жерде мал төлдөтүү керек, чөптү каерден чабуу керек баарын баамдап билген. Колунда жок адамдарга, жетим жесирлерге жардам берген. Жетим кыздар, балдарды үйгө алып келип, өз баласындай асырап багып окуткан. Азыр ойлосом ошол кезде биздин үй өзүнчө эле бир бала бакча сыяктуу болгон экен. Мисалы Маржан деген кызды,Эргеш деген баланы багып чоңойткон. Алар да өз атасындай көрүп ата дешчү. Менин атам совхозго үч жолу башкарма болуп шайланган. Кырк жыл ашуун өмүрүн чарбага, эл кызматына арнады. Колхоздун өнүгүп өсүшүнө чоң салым кошкон. Өзүнүн төртүнчү класстык билими болсо да жогорку деңгээлдедеги ораторлук, уюштуруучулук, жөндөмдүүлүгүн колдонгон.
Турганбай Шаимкуловдун жаркын элесине арналат
I Гажаары токуп ат минген, Кыялап басып сап билген. Кыдырып баскан көп жерди, Каада сактап парк билген. Жөө жүрсө атты сыйлаган, Кыраакы болгон кыйладан. Камчысын илген ээрге, Алдында аты жээрде. Көпчүлүккө баш болгон, Тараза баскан таш болгон. Бечарага бел болгон, Баардык элге тең болгон. Төртөөгө атын бактырган, Чабарманын чантырган. Суу суудан элди чакырган, Чоң аш берип той кылган. Пышарта кырк үй тиктирген, Күлүктөрдү чаптырган. Молдонон тумар, кат алган, Кудайым колдоп жүрсүн деп, Уул кызына бата алган. Ак ташты карай бастырган, Кулчакты көздөй чаптырган. Алыстан келген мейманга, Эки күн улак тарттырган. Катар тизип үй тиккен, Чоң тамаша аш берген. Турганбай деген эр болгон, Экинин бири шер болгон. |
II Атына жапкан шырдакты, Элине кылган кызматты. Төөсүнө жапкан шырдакты, Тегеректеп жүргөнгө, Аянбай кылган кызматты. Пышартта мерген жандаган, Өңүтгү билип аңдаган. Айдама койуп теке аткан, Элине этин тараткан. Азыркың билбейг андайды, Тентиреп жүрсөк каяктан. Уста Жангир баш болгон, Булар мергенчиликке маш болгон. Эмгеги өткөн элине, Кадыры өткөн жерине. Унутуп калсак улууну, Уят эмей эмине. Бир аз айттым эскерип, Жаштарга болсун эстелик. Турганбай десе ким ал деп, Айталбай калба кептелип. Жайы болсун жаннаттан, Бейишин берсин жараткан. Гүл жыттанып турсунчу, Ар дайым Пышарт тараптан. Түбөлүк турсун нур чачып, Тийген күн Аксуу тараптан.
Өскөнбай Бердибаев |
“Улуулар баскан улуу жол” аттуу эскерүү китепчесинин автору Өскөнбай Бердибаев, улуулар баскан улуу жол мындан ары улана берет, Сарыколдон чыккан чыгаан инсандарды унутпай ушундай иш чараларды өткөзүп турууга аракет кылабыз деп өз пикирин билдирди.
Кечеде И Шажановдун, жана башка Сарыколдо жашап жаткан жердештерибиздин куттуктоолору окулду. Бул иш чарага уулай эле Ислам Мамытов агабыз жетектеген "Көрөнгөлүү Көөнө-Коргон " аталышындагы коомдук бирикме ачылып өз мыктыларын куттуктаганга дагы үлгүрдү. Бул коомдун жетекчиси катары Өскөнбай Бердибаевти дайындап чыгармачылык чыйыр жолуна ийгиликтер каалоо тилектер айтылды. Ө.Бердибаевти сыйлап келген " Поэзия Ордосу көркөм адабий бирикмесинин жаш талаттары ыр саптарын окуп, куттуу жерибиз Сары - Кол жергесини эскертип өттү.. Биз бул иш чаралардын уюштуруучуларына жана Өскөнбай Бердибаевке ийгилик гана каалайбыз.