Памир ыр жыйнактары ийгиликтерге жетишүүдө

Памир ыр жыйнактары ийгиликтерге жетишүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулган "Жети автор" адабий конкурсунда жердешибиз Өскөнбай Бердибаев сынактын жети жеңүүчүсүнүн бири деп таанылды.


Конкурста алдыңкы орундарга ээ болгон авторлорго "Кыргызпатент" фонду ыр жыйнак китептерин акысыз чыгарып берет. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи август айларында өткөрүлөт.


Ошонун менен эле бирге жердешибиз Өскөнбай Бердибаев "Чыныбай Турсунбеков фонду" тарабынан уюштурулган "Жылдыздуу жээк" Республикалык адабий сынагында калыстар тарабынан жогорку упайга ээ болуу менен бирге фестивалга ардактуу конок катары катышат.


"Жылдыздуу жээк - 2024" Республикалык адабий фестивалы күз айларында Көгүлтүр Ыссык-Көлдүн жээгинде Улуттук жазуучулар Союзу жана Чыныбай Турсунбеков атындагы фондунун демилгеси менен өткөрүлөт.


Памир тоолорун ыр кайрыктарында сүрөттөгөн автор, жердешибиз Өскөнбай Бердибаевдин жараткан ийгиликтерин чын дилибиз менен куттуктайбыз. Мындан кийин дагы көптөгөн сынактарда ийгиликке жетише берүүсүнө тилектешпиз !