Рахманкул хандын үй-музейи: экспонаттар

Рахманкул хандын үй-музейи: экспонаттар

Рахманкул хан Мургаб аймагында 1913-жылы туулган. Өмүрү өткөнчө кыргыз жерине жетээр бекемин деп жүрүп көзү өткөн. 1990-жылы Туркиянын Арзурум шаарында каза болуп, сөөгү Ван аймагындагы Улуу Памир айылына коюлган.


Рахманкул хандын үй-музейи Бишкек шаарында 2017-жылы 18-мартта ачылган. Бул жерден ханга таандык буюм-тайым, документтер, колдонулган үй буюмдарын көрүүгө болот.


 1Бул ак чапанды памирликтер Рахманкулду хан көтөргөндө атайын жасап, кийгизишкен. Ал ак кийизден жукалатып өзгөчө ыкма менен четтери шөкөттөлүп, кооздоп сайма сайылган. Чапандын 150 жылдык тарыхы бар.

Ал эми экинчи кызыл чапанды Туркиядагы Ван кыргыздарынын тарыхчысы, санжырачысы, аалымы Абдухалим Ватандын чоң атасына 150 жыл мурун Рахманкулдун атасы Жапаркул бий белекке берген экен. Музей ачылып жатканда кайра экспонат катары кайтарып беришкен. Чапандын 250 жылдык тарыхы бар.

Чапан кымкап кездеменин бетине алтын жип менен шөкөттөлүп жасалган. Рахманкулдун атасы Жапаркул бийге белекке келген. Чапандын ичине тигилген чыттын өңү да күнү бүгүнкүдөй өңүн жоготкон эмес.

Ошондой эле Рахманкул хандын аталарынан калган жайнамаз. Ал 5 убак намазын калтырбай окуп, бекем диний ишенимде болсо да. кыргызча эле күндөлүк кийим менен жүргөн. Аталарынан калган жай намазын тизесин бүккөн жери жыртылганча пайдаланган.

 

 2Куран китеп өзүнчө бир аздектеп жасалган баштыкта сакталган. Оозу да айланып жабылат. Бул баштыктан китепти чыгарган эмес. Китептин тарыхы 300 жылды кучагына алат. Китепти "атадан калган дөөлөт" деп балдары сактап келишүүдө.

 

Хан куржун. Рахманкул согушка чейинки 1940-жылдары хан болгон. Ага чейин ал атасы менен кошо бүтүндөй түйшүктү бала кезинен тартып келген. Куржун ошол убактагы маанилүү буюмдардын катарында болгон. Терме менен терилип, килем сыяктуу согулган. Канча жыл өтсө да куржун күнү бүгүнкүдөй сакталган. Куржун эчендеген азап, жыргал күндөрдү көргөн дешет. Рахманкул хан Ооганстанга мал айдап барганда, азык-түлүк, акча-тыйындын барын ушу куржунга салып келген.


 3Афган элинин баш кийими. Белек катары келген. Бул баш кийимди кийип түшкөн Рахманкул хандын бир да сүрөтү жок. Канча жыл Ооганстанда жашаса да башынан ак калпагы түшкөн эмес. Ал өз учурунда Ооган өкмөтү эсептешкен киши болгон. Ооган эмири Рахманкул ханга "кариядар" же "Памир сакчысы" деген атайын наам берип, Ооганстандын Памир тарабындагы чекарасын кайтаруу вазийпасы тапшырылган. Анын бул кызматы үчүн Памир кыргыздары салык төлөөдөн бошотулган.

 

 4Бул радиодон дүйнө жүзүндө болуп жаткан жаңылыктарды, комуз күүсүн, ошол учурдагы белгилүү ырчы Мыскал Өмүрканованын ырларын сүйүп уккан.

 

Памирлик кыргыздарды изилдеген өзбек окумуштуусу Насип Шахранинин жазганы боюнча "Рахманкул хан дүйнөдө болуп жаткан кабарларды эң көп тыңшаган адам болгон".

 

 5Ооганстандан Памир алыс жайгашкандыктан бир айда бир жолу ар кандай гезиттерди алып турган. Ал окуган гезиттеринин бирөөсүн да жоготпой сактаган. Өзү материал берип турган убактар да болгон. Рахманкулга ар кайсы жактан өтө көп каттар келген. Өз заманындагы өтө билимдүү, документке так адам болгон. Фарси, пушту, урду тилинде эркин сүйлөп, кийин америкалык журналист Френк Шордон англис тилин да үйрөнгөн.

 

Рахманкулдун мөөрлөрү. Бул киши убагында атайын мөөр менен өз укугун толук колуна алган.1972-жылы франциялык белгилүү тилчи, этнограф, кыргыз таануучу Реми Дор алтындан жасалган мөөрдү белекке берген. Ал эми күмүш мөөр атасына таандык. Эгер Рахманкул хан бул мөөрлөрдү колдонбогондо анын ошол аймактагы бийлигин толук бойдон афгандар же тажиктер басып алышы мүмкүн эле.

 

 6Хан ээр. Рахманкул хандын өзүнүн энчиленип жасалган ээри. Күмүш менен пил сөөгүнөн аралаштырып жасалган.

 

 7Бул өзүнүн талаа-түзгө чыкканда колдоно турган буюмдары. Талаа-түздө көп жүргөндүктөн жеңил-желпи бумдарды колдонгон.

 

 8Рахманкул хан уулдары Малик менен Акбардын сүрөтчү жана айкөлчи болушуна биринчи кезекте өзү себепчи болгон. Аларга андан башка эч ким билим берген эмес. Малик менен Акбардын чыгармачылык көргөзмөсү Кабулда өтүп, экөөсү тең Ооган мамлекетинин алтын медалдарына татыган. Кийин дагы Пакистан, Туркия, Германия жана Швейцарияда көргөзмөлөрү өткөрүлгөн.

 

Алган сыйлыктары. Ооган падышасы менен жакын мамиледе болгон. Ал бир катар сыйлыктарды алган.


Кыргыз Туусу

2024 №24