Чек аранын эки тарабында калгандар
Eurasianet 26-октябрдагы макаласын чек ара жаңжалдарынан улам тарыхый мекенине каттай албай калган Тажикстандагы кыргыздарга арнаган.
Маалыматка караганда, мурда алар тажик паспорту менен ээн-эркин кирип-чыгып турса, эми үчүнчү өлкөлөр аркылуу саякаттого мажбур, ага бардыгынын эле чамасы жетпейт.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 2021-жылы жазында болгон кагылышуудан кийин чек ара жабылган.Автордун айтымында, ушу тапта Тажикстандан кетүүнү көздөгөндөрдүн саны өсүүдө, алар негизинен Исфара, Лахш жана Мургаб районунда жашаган улуу муундун өкүлдөрү. Колдо бар статистикага ылайык, кошуна өлкөдө 65 миң этникалык кыргыз жашайт. Бирок макалада белгиленгендей, бул сан учурда азыраак болушу мүмкүн.
Басылманын кабарчысы бир нече этникалык кыргызга жолугуп баарлашкан. Алардын бири, 45 жаштагы Зиода Жакшыбаева Тажикстандын түндүгүндө жашайт.
Ал эки жылдан бери Бишкекте турган уул-келинин көрө элек. Исфарада туулуп-өскөн, Хужандда жогорку билим алган Зиода былтыр атасын жайына бергенин, балдарына кетип калууну каалаганы менен апасын жалгыз калтыра албай турганын айтууда. Уул-келини болсо Орусияда бир нече убакыт иштеп, ал өлкөнүн жарандыгын алган.
"Кыргыз паспортун алса, тажик жарандыгынан чыгууга тийиш, Тажикстанга конокко гана келе алышат, каттоого туруу өңдүү машакаты көп. Ошон үчүн орус жарандыгын алышкан", - деп түшүндүрдү Зиода.
Макалада этникалык кыргыздар Тажикстанда обочодо калганы да айтылат. "Алар коомдук турмушта чакан гана роль ойнойт, чамасы чак келгендер Кыргызстанга же Орусияга кетүүгө аракеттенет. Он чакты жыл мурда эле бүтүндөй кыргыз айылдары бар болсо, азыр андай көрүнүш сейрек болуп калды", - деп чечмеледи автор.
Андан ары баяндалгандай, аларды тажик коомунан чек арадагы кагылышуулар да обочолонтуп жатат. Башаламандык чыккан сайын кыргыз жамааты жаңжал качан жөнгө салынат деп үн чыгарбай акырын отуруп калышат. Кыргызстандын медиасындагы чек ара тууралуу маалыматтарды окуган сайын бушайман болушат.
Кабарчы сөзгө тарткан кыргыз аялдардын бири айткандай, алар өздөрүн эки оттун ортосунда калгандай сезишет. Макалада эң кайгылуу абалда жаңжал чыккан аймакта чек аранын эки тарабында жашаган, экиге бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдө түзүлгөнү белгиленет.