Жалал-Абад облусунун аймагында 6387 этникалык кыргыз жашайт. Алардын арасынан 2319 үй-бүлө же 4432 адам «Кайрылман» күбөлүгүнө ээ болушкан.
2010-жылдан бери улуту кыргыз болгон 1503 этникалык адам Кыргызстандын жарандыгын алган.
Этникалык кыргыздардын арасында жарандык ала элек адамдарда пенсия, жөлөк пул, паспорт, балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу, турак-жай курууга жер, үй алуу, ишке орношуу көйгөйлөрү болуп келет.
18.11.2015